Бокчо

Википедия дан

Бокчо (иранча бокча — түрмөк, таңык)—1) баалуу буюм-терим сакталуучу сандыкча, куржун баштык; 2) бирөөнүн сырын, ал-жайын билүү үчүн жасалган аракет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында буюм сакталуучу нерсе катарында «Канча там толгон дүйнө бар, Арттырып бокчо катпаңар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 66),— деп айтылат. Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында Б-нун сүрөттөлүшүн төмөнкү саптардан көрөбүз:

Колдун баарын мол жыйнап,

Үй үстүнөн басалы.

Үйүң күйгөн буруттун

Капкайда жинин чачалы,

Бокчолорун тинтели.

Төрүнө чийип сызыкты,

Кызыталак бурутка

Бир кылалы кызыкты (Саякбай Каралаев, 1. 34).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4