Болгария

Wikipedia дан

Болгария (Болгария), Болгар Республикасы (Республика Болгария) Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Балкан жаңы аймагынын чыгышында жайгашкан. Түндүгүнөн Румыния, батышынан Сербия, Черногория жана Македония, түштүгүнөн Грекия жана Түркия менен чектешет. Чыгышынан Кара деңиз чулгайт. Аянты 111,0 миң км2. Калкы 7,5 млн (2005). Борбору София шаары Расмий тили болгар тили. Администрация аймак жактан 28 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги лев. Болгария БУУнун, Европа Советинин, Эл аралык валюта фондунун жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү. ==Мамлекеттик түзүлүшү== Болгария унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 1991-ж. 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Элдик жыйналыш. Аткаруу бийлигинин жогорку органы премьер-министр жетектеген Министрлер Совети. Саясий партиялары: Болгария социалдык партиясы, Демокр. күчтөр союзу. Эркиндик жана укуктар үчүн кыймыл жана башкалар. Табияты. Түндүгүндө Дунайды бойлой созулуп жаткан Төмөнку Дунай туздугунун түштүк бөлүгү чыгышында Добруж платосуна өтөт. Түштүгүрөөк, бүт өлкөнү батыштан чыгышты карай Стара-Планина (Балкан) тоолору (бийиктиги 2376 м, Ботев чокусу) ээлеп, түштүк капталдары узатасынан созулган кууш ойдуңдарга (Казанлык, Карлова жана башка) тик түшөт. Түштүгүрөөктө анча бийик эмес Средна-Гора жапыз тоосу (1604 м, Богдан чокусу) жайгашкан. Өлкөнүн борбордук жана түштук-чыгыш аймактарын Жогорку Фракия түздүгү ээлейт. Түштүк жана түштүк-батышта Балкан жана андагы эң бийик Рила (Болгариянын эң бийик жери, 2925 м, Мусала чокусу), ошондой эле Пирин (бийиктиги 2914 м, Вихрен чокусу) жана Родопи (2191 м, Голям-Перелик чокусу ) тоолору жатат. Кара деңиз жээги көбүнчө жапыз, кумдуу пляждары кенен, айрым жерлери тик. Өлкөнүн эң четки түштүк-чыгышында Сакар тоо массиви (бийикт. 856 м), түндүгүндө Странжа (Истранжа) тоосунун түндүк тармактары жайгашкан. Карст процессинен пайда болгон көптөгөн үңкүрлөр бар, алар Стара Планина, Родопидеги Райчова-Дупка, Магура, Леденика жана башка үңкүрлөр туристтик жайга айландырылган.

Климаты[оңдоо | edit source]

Климаты түндүгүндө мелүүн континенттик, түштүгүндө жерортолук деңиздик. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүүү. Январдын орточо температурасы түздүктөрдө -2°Сден 2,5°Сге, тоолордо -10°С ге чейин, июлдуку түздүктөрдө 19-25°С, тоолордо 5-12°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 450550, тоолордо 850-1300 мм ге чейин. Болгариянын дарыялары Кара жана Эгей деңиздеринин алаптарына кирет. Алардын суубөлгүчү Стара-Планина, Странжа. Кара деңиздин алабына кирген негизги дарыялар: Дунай (кеме каттаган жалгыз дарыя; анын куймалары: Искыр, Янтра, Вит), Камчия жана башка Эгей деңизине Болгариядагы эң суусу мол дарыя Марица (куймалары: Тунжа, Арда), ошондой эле Места, Струма дарыялары таандык. Көлү аз; ири лиман көлдөрү: Бургас, Варнен. 500дөн ашык минералдык суу булактары бар, алардын базасында бальнеол. борборлор уюшулган. Аймагынын 30%ке жакынын (негизинен тоолор) токой ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) басымдуу; андан жогору ийне жалбырактуу токой (карагай, көк карагай, мырза карагай), 1700-1800 м ден жогору тоо шалбаасы, түштүгүндө жана түштүк-чыгышында бадал өсүмдүктөрү өсөт. Болгарияда табияты коргоого алынган 49 аймагынын жалпы аянты 491 миң га; анын ичинде улуттук парктары: Рила, Борбордук Балкан жана башка Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргендери: Сребырна биосфера резерваты жана Пирин улуттук паркы.

Калкы[оңдоо | edit source]

Калкынын негизин болгарлар (83,9%) түзөт (2001-жылкы эл каттоо боюнча), ошондой эле түрк (9,4%), цыган (4,7%), македониялыктар, орустар, армяндар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Христиан (85%), мусулман (12% сүнөттөр) жана башка диндерин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 67,4 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 68,4, аялдарыныкы -75,9 жаш. Шаар калкы 70%. Ири шаарлары: София, Пловдив, Варна, Русе, Бургас, Стара-Загора, Плевен.

Тарыхы[оңдоо | edit source]

Болгариянын аймагын адамдар палеолит доорунан бери мекендеген. Б. з. ч. 8-6-кылымдагы грек тарыхый булактарынын маалыматтарына караганда, бул жерлерге индевропалык уруулар (фракиялыктар) отурукташа баштаган. Б з. 1кылымына карата фракиялык жерлер Рим империясына каратылып, мында римдик Мезия жана Фракия провинциялары түзүлөт. Рим империясы кыйрагандан кийин, 395-ж. эки провинция Византиянын курамына кирген. 6-кылымдын аягында Болгариянын аймагына славян уруулары отурукташа баштаган. 7-кылымдын 70-жылдарында Аспарух хан баштаган булгарлар (түрк уруулары) Азов деңизинин жээги менен Түндүк Кавказдан жер которуп келип, 681-ж. Балкан тоолору менен Дунайдын төмөнкү агымында славян-булгар урууларынын мамлекетин I Болгар падышалыгын негиздейт. Князь Бористин убагында (852-889) христиан дини мамлекеттик дин катарында кабыл алынат. Мамлекетти славяндаштыруу процесси күчөп, акырында булгарлар менен славяндардын этностук айырмачылыгы жоюлуп, болгарлар деген эл түзүлөт. 894-ж. ага-ини Кирилл жана Мефодий славян жазмасын түзүшөт. 9-кылымда Сердиканы, Адрианополду кошуп алуунун натыйжасында мамлекеттин чегарасы кеңейет. 1014-ж. византиялык император Василий II Беласицанын алдында болгар аскерлерин талкалаган соң, 1018-ж. Болгария толук Византияга каратылат. 1185-87-ж. элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Византиянын бийлиги кулатылып, 2-Болгар падышалыгы түзүлөт (1186-1396). Падыша Иван Асен Пнин тушунда (1218-41) бир топ жогорулап, Кара, Эгей, Адрия деңиздеринин аралыгын ээлеп, Балкан жаңы аймагындагы күчтүү мамлекетке айланган. 13-кылымдын 2-жарымынан ич ара чыр-чатактардан улам Болгария мамлекети начарлай баштайт. Болгар падышалыгы алгач Батый ханга, 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башынан Ногой ордосуна салык төлөп турган. 14-кылымдын аягында бытыранды Болгария жерлерин Осмон империясы басып алып, болгарлар массалык түрдө мусулмандаштырылып, дээрлик 500 жыл бою башкарып турган. 19-кылымдын 2-жарымынан Болгарияда улуттук-боштондук үчүн кыймылдар күч алып, алар Болгарияга автономия берүүсүн талап кылышат. 1877-78-ж. орус-түрк согушунда болгарлар Россия тарабында салгылашып, орус армиясынын жеңип чыгышы жана Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарты боюнча, өлкөнүн түндүгү өз алдынча Болгария княздыгы болуп түзүлүп, түштүгү Чыгыш Румелия Түркиянын автономиялуу провинциясы бойдон калган. 1885-ж. Пловдивдеги түрктөргө каршы көтөрүлүштүн натыйжасында өлкөнүн аймагы бириктирилип, 1908-ж. Болгария өзүнүн толук көзкаранды эместигин жарыялап, өз алдынча падышалык болуп жарыяланган. 1- Балкан согушунда (1912-13) Б. Түркияга каршы Балкан союзун түзүүгө демилгечи болуп, анын айрым аймактарын өзүнө каратканы менен, 2- Балкан согушунда (1913) мурдагы жерлеринен айрылган. Б. 1-дүйнөлүк согушта Германия менен Австрия-Венгрия тарапта салгылашты. 2-дүйнөлүк согушта Болгария алгач бейтараптык саясат жүргүзүүгө аракеттенгендиги менен, 1941-ж. Германия, Италия жана Япония ортосунда түзүлгөн Үчтүк Союз пактысына кол коюп, фашисттик блокко кошулган. 1944-ж. 9-сентябрда Болгарияга Кызыл Армиянын аскерлери кирип, өлкөдө болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийлик алмашат. 1946-ж. 15-сентябрда монархиялык башкаруу жоюлуп, Болгария Элдик Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланат. 1946-89-ж. Болгария социалдык өнүгүү жолун тандаган мамлекеттердин катарында Экономикалык өзара жардамдашуу советине (1949), Варшава келишимине (1955) мүчө болгон. 1955-ж. Болгария БУУга мүчө болуп кабыл алынган. 80-жылдардын аягында өлкөдө башталган саясий-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, 1991-ж. чейин өкмөттү башкарып келген Болгария коммунисттик партиясы бийликтен кетет. 1991-ж. Болгариянын жаңы Конституциясы кабыл алынып, өлкө Болгария Республикасы деп аталат. 1996-ж. Демокр. күчтөр союзунун өкүлү П. Стоянов президент болуп шайланган.

Экономикасы[оңдоо | edit source]

Болгария экономикасы орточо өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. 1990-ж. СССР менен болгон байланыш солгундагандан баштап өлкөдө терең экономикалык кризис болгон. 1996-жылдын аягынан 1997-жылдын башынан экономикалык өнүгүү турукташа баштаган. Ички дүң продукциясынын көлөмү 61,6 млрд доллар (2004; АКШ, аны киши башына бөлүштүргөндө Европа кеңешине кирген өлкөлөрдүн орточо дегээлинин 1/3инен аз. Ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,4% , өнөр жайыныкы 30,1% , айыл чарбаныкы 11,5%ти түзгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы: азык-түлүк, ичимдик жана тамеки өндүрүшү. Болгариянын отун-энергетикасында нефть продукциялары 24,3% , жаратылыш газы 14,8% , ташкөмүр жана лигнит 38,1% , атом энергиясы 20,1% , гидроэнергия 2,7%ти түзөт. Энергия ресурстарынын (нефть, газ, ташкөмүр, ядро отуну) 70%ин сырттан, негизинен Россиядан алат. Күрөң көмүр жана лигнитти казып алуу 38 млн (1987) о дан 26,5 млн д га (2004) чейин кыскарган. Ошондой эле нефть (жылына 26,5 миң о, 2004), жаратылыш газы (333 млн м3, Кара деңиздин шельфинен) казылып алынат. 2004-ж. 42,6 млрд кВт[С электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 52%ке жакыны ЖЭСке, 40% АЭСке туура келет. Ири ЖЭСтери: «Марица-Чыгыш-2» (кубаттуулугу 1450 МВд), Варна (1260 МВт) жылуулук электр борборлору; АЭСтери: Козлодуй (3700 МВт), «Белене» (курулууда; долбоор боюнча кубаттуулугу 2000 МВт); Рила-Родопи тоо массивиндеги ГЭС каскадына, ошондой эле Белмекен-Чаир ГЭС-ГАЭС комплексине өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 8% туура келет. 2002-ж. 1,5 млн о болот прокаты, 70 миң о дай коргошун, 80 миң о дан ашык цинк, 41 миң о жез жана жез эритмеси өндүрүлгөн. Машина куруу өнөр жайынан кеме куруу заводдору (Варна, Бургас, Русе), станок жана инструмент өнөр жай өндүрүштөрү, байланыш, радио-телевизор, ЭЭМ (София), электртехника (Стара-Загора, Пловдив, Радомир), вагон куруу (Бургас), химия өнөр жайы үчүн жабдуу чыгаруучу ишканалары (Хасково) иштейт (2005). Балкан жаңы аймагындагы эң ири «ЛукойлНефтхим» химиялык комбинаты (жылына 10 млн о га жакын чийки нефть иштетилет), синтетикалык каучук (Пазаржик), минералдык жерсемирткичтер жана пестициддер (Димитровград, Стара-Загора, Плевен жана башка) өнөр жайлары бар. Парфюмерия-косметика, фармацевтика өнөр жайларынын продукциялары экспорттолот. Жыгачты Россиядан (Коми Республикасынан) алат. Текстиль өнөр жайында жылына 70-90 млн м кездеме токулат; борборлору: София, Пловдив, Габрово, Сливен, Варна, Панагюриште. Жылына 60-70 миң о жашылча-жемиш консервасын, 57,9 миң о өсүмдүк майын, 153 миң о кант, 83,6 млн л шарап, 23,7 миң о тамеки өндүрүлөт (Благоевград, София, Стара-Загора, Пловдивде шарап, тамеки, жашылча-жемиш), консервалары жана башка азык-түлүк товарлары даярдалат; көбү экспорттолот. Болгарияда 1990-ж. агро реформа жүргүзүлүп, жеринин көп бөлүгү мурунку жер ээлерине кайтарылып, айыл чарбага жарактуу жери майдаланып, бөлүнүп кеткен. Натыйжада жер пайдаланууда олуттуу проблема түзүлгөн. Айыл чарбасы 2002-ж. 1990-жылга салыштырмалуу 12%ке төмөндөгөн. Жер ээлеринин өндүрүштүк кооперативдери, фермер чарбалары түзүлүүдө. Айыл чарбага жарактуу жери 5,3 млн га (2003), же өлкөнүн аянтынын 48%тейи; анын ичинде 3,2 млн га сы иштетилет. Айдоо аянттарынын басымдуу бөлүгү Дунай түздүгүндө жана Жогорку Фракия ойдуңунда (50-70%) жайгашкан. Сугат жери 800 миң га. Бак-дарак өстүрүү жана жүзүмчүлүк Стара-Планина жана Родопи тоолорунун этектеринде, ошондой эле Кюстендиль ойдуңунда өнүккөн. Дан эгиндери (3,3 млн о буудай, 1,4 млн о жүгөрү, 1,0 млн о арпа), тоют өсүмдүктөрү (люцерна, жүгөрүнүн жашыл массасы), күнкарама (700 миң о), тамеки, канткызылча, пахта (түштүк райондорунда) айдалат. Карлови, Казанлык ойдуңдарында, Стара-Планинанын түштүк капталдарында эфир-май берүүчү өсүмдүктөрү (роза, жалбыз, лаванда) өстүрүлөт. Роза майын өндүрүп экспорттоо боюнча Болгария дүйнөдө алдыңкы орунда (2004, 1000 кг га жакын же дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3). Огородчулук өнүккөн. 2004-ж. 600 миң о картошка, 400 миң о помидор, 160 миң о калемпир, 130 миң о бадыраң, 120 миң о капуста, 80 миң о пияз, 210 миң о дарбыз жыйналган. Жемиш бактарын (алма, өрүк, алмурут, шабдалы ж. б.) өстүрүү жана жүзүмчүлүк (400 миң о; жүзүмдөн шарап жасалат, бир бөлүгү экспорттолот) өнүккөн. Мал чарбасында майда жандык басымдуу. Кой, эчки (2004-ж. 2,4 млн баш), чочко (945 миң), бодо мал (701 миң), үйкушу (21 млн) асыралат. Өлкө табигый климаттык, маданий-тарыхый жана башка рекреациялык ресурстарга бай. Кара деңиз жээгиндеги климаттык курорт зоналары Албена Алтын-Кум Варна жана Күнөстүү Жээк Несебыр Поморие Бургас. Тоо климаттык жана бальнеол. курортторго, түрдүү спорт оюндарын өткөрүүчү жайларга жана эсалуу борборлоруна (Витоша, Рила, Пирин, Родопи тоо массивдеринин капталдарында, Струма жана Места дарыясынын өрөөндөрүндө) бай. Көптөгөн тарыхый, архитектуралык эстеликтер бар. Жылына 4 млндон ашык турист келет. Болгариянын аймагынан эл аралык транспорт коридорлору темиржол тармагы, автомагистралдар (Белград София Пловдив Стамбул жана София Солоники Афины) өтөт. Бул жолдор тармагы Батыш жана Борбордук Европаны Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштырат. Автомобиль жолунун уз. 37,3 миң км (анын ичинде асфальтталганы 35,0 миң км), темиржолунуку 4294 км (анын ичинде 4049 кми европалык стандартка ээ, анын 2710 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 470 км. Дунайдагы негизги дарыя порттору: Русе, Лом. Деңиз соода флотунун тоннажы 758,0 миң рег.бр.-о же 1115,2 миң о дедвейт (2005). Башкы деңиз порту Бургас. Куур магистралынын узундугу 2920 км (анын ичинде газ кууру 2425 км, нефтиники 339 км, нефть продукциясын өткөрүүчү куурдуку 156 км). Өлкөдө 5 эл аралык аэропорт (София, Пловдив, Варна, Бургас, Горна-Оряховица) бар. Башкы авиакомпаниясы «Bulgaria Air». Сырттан машина жана анын жабдууларын, металл жана анын эритмесин, химикаттарды, пластика, отун жана башка алып, сыртка жеңил өнөр жайынын продукцияларын (кийим-кечек, кездеме, буткийим), металл, машина жана анын жабдууларын, нефть, нефть продукцияларын, химикаттарды, азыктүлүк товарларын жана суусундуктарды чыгарат. Сырткы соодасынын 50%тен ашыгы Европа Союзу өлкөлөрүнө туура келет; негизги соода шериктештери: Италия, Германия, Түркия, Бельгия, Грекия, АКШ, Франция (импорт); Германия, Италия, Россия, Грекия, Түркия, Франция, Австрия (экспорт).

Маданияты[оңдоо | edit source]

Билим берүү жана агартуу сферасындагы мамлекеттик саясат Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан жана билим берүү жана илим комиссиясы өлкөнүн Улуттук чогулушу тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектепке чейинки мекемелер, мектептеги окутуунун бардык түрү жергиликтүү бийлик менен регионалдык билим берүү инспекциясы жетектейт. Ал эми жогорку окуу жайларын ректорлор кеңеши башкарат. Негизги регламенттик документ болуп, 1991-ж. кабыл алынган билим берүү, 1995-жылкы жогорку билим, 1999-жылкы кесиптик билим жөнүндөгү мыйзамдар эсептелет. Болгарияда эл аралык билим берүүнүн стандарттык классификациясы ISCED97 кабыл алынган. Билим берүү системасы мектепке чейинки мекеме (3-7 жаш), негизги мектеп [башталгыч билим (1-4-класс), гимназиялык билимден (5-8-класс)] турат. Жаштар 16 жашка чейин акысыз жана милдеттүү түрдө билим алышат. Ошондой эле орто билим (9-12-класс) алуу да киргизилген. Орто адистештирилген окуу жайлары 6-8-класстын жана орто мектептин билим базасында жүргүзүлөт. Болгарияда 42 университет жана 9 коллеж бар. Ири университеттери: Климент Оридский атындагы (1888-ж. негизделген София), Паисия Хиландарский атындагы (1961, Пловдив), Ыйык Кирилл жана Мефодий атындагы (1971, Велико-Тырново), Аскер Академиясы, улуттук жана дүйнөлүк чарбалар университети, жогорку медициналык институт. БИА иштейт. Өлкөдө 400дөн ашык китепкана (анын ичинде 49 ири), 220дан ашык музей (анын ичинде «Шипка-Бузлужа» улуттук музейи, Несебыр, Копривштица, Арбанаси жана башка шаар-музейлер) бар. Массалык маалымат каражаттарыда жакшы өнүккөн. Негизи гезиттери: «24 саат», «Эмгек», «Дума», «Народна младеж», «Стандарт», «Монитор», «Демокрация». Радиоуктуруу 1929-жылдан (белгилүү каналдары: «Хоризонт», «Христо Ботев», «Радио Нэт», «Дарик Радио»), телекөрсөтүү 1959-жылдан жүргүзүлөт. 1999-жылдан менчик канал К 2, Б. телеграф агентчилиги (Болгарска телеграфна агенция БТА, 1898-ж. негизделген) иштейт. Болгариянын медиа рыногу чет элдик капиталга (Германия, Швейцария) көзкаранды. Болгариянын адабияты славян адабияттарынын ичинен эң байыркы адабият. Өлкө христианчылыкты кабыл алгандан кийин 9-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Алгачкы диний текстерди агартуучулар Кирилл жана Мефодий түзгөн. Байыркы адабияты Болгариянын 1-падышасы Б. Симеондун (893927) тушунда өсүп өнгөн. Бул мезгилде Климент Охридскийдин жыйнактары (сыйынуу, ыйыктардын панегириктери), Константин Преславскийдин (ыр менен жазылган сыйынуу), Иоанна Экзарханын, Черноризца Храбранын (трактаттары) жарык көргөн. 1018-1186-ж. (Византия бийлик кылган мезгилде) адабият өсүшүн токтоткон. 14-кылымда жаңы өсүш башталып, Евфимий жана анын окуучулары Григорий Цамблак жана Константин Костенеческийлер адабиятка чоң салым кошушкан. Адабияттын жаңы этабы улуттук кайра жаралуу менен байланыштуу. Поэзия ургалдуу өнүгүп, 1-болгар журналы «Любословие» (1844) чыккан. Болгариянын адабиятынын өнүгүшүнө орус адабияты чоң таасир тийгизген. 1917-23-жылдагы революция адабиятка чоң таасир эткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан коммунисттик режим кулаганга чейин (1989жылдын аягы) Болгария адабияты, социалдык талаптын басымы астында келген, бирок көптөгөн жазуучулар жасалма шаблонго каршы турушкан. Учурда адабиятынын негизги темасы улуттук каада-салт жана акыл-ой байлыгы болууда. 21-кылымдын башталышында адабияттагы кризисти жоюу тенденциясы байкалууда. Прозасында коррупцияга, кылмыштуулукка жана башкага анализ берүү колдонулууда. «Аялдар» адабияты активдүү өнүгүүдө. Өлкөнүн аймагындагы байыркы эстеликтер (карапа, кооз буюмдар жана башка) неолит дооруна (б. з. ч. 6-миң жылдык чен) таандык. Коло жана темир доорундагы курулуштар дольмендер тарабынан курулган. Фракия маданиятынын курулуштарынан өтө сейрек кездешүүчү эстеликтери (Казанлык аймагында) сакталган. Фракия мурасын Вылчитрына, Рогозена алтын, Панагюриштен казыналары (б. з. ч. 4-кылымдын аягы 3кылымдын башы) толуктайт. Казанлыктан анча алыс эмес жерден Одрис падышалыгынын борбору Севтополистин (б. з. ч. 4-3-кылым) калдыгы сакталган. Анда суу куурлары, цитадель сарайы менен табылган. Археологиялык табылгалар (карапа, монета, коло жана баалуу металлдардан жасалган буюмдар) Фракия менен Грекия тыгыз байланышта экенин күбөлөндүрөт. Коргонуу үчүн курулган курулуштардын калдыктары Софияда, Пловдивде, Варнада, Ивойловградка жакын жана башка жерлерде сакталган. Булар курулуш техникасынын жогорку деңгээлде өнүккөнүн далилдейт. Эрте византия доорунда христиан храмдары пайда болуп, живопись менен кооздолгон. Биринчи болгар падышалыгы (680-1018) пайда болгондон баштап Болгариянын искусствосу калыптана баштайт. Ал доордун алгачкы архитектура эстеликтери таш чептеринин калдыктары жана Плиска менен Преславдагы сарайлар (9-10-кылым). Экинчи болгар падышалыгы мезгилинде (1187-1396), Тырново көркөм искусствонун негизги борборуна айланган. Тырноводогу бул көркөм мектеп 9-10-кылымдагы архитектурага караганда курулуштардын чакандыгы жана декорациясы менен айырмаланат. 13-14-кылымда болгар живописи менен миниатюрасы гүлдөп өнүгөт. Осмон түрктөрү басып алгандан кийин мурдагы маданий мурастардын көпчүлүгү жок кылынган. 18-19-кылымда болгар улуттук искусствосу өнүгө баштаган. Ал доордо Риль монастырынын 3 корпусу (1816-19; Алекси Рилец), чиркөө, кербен сарайлар тургузулган. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы өкүлдөрү жергиликтүү көркөм мектептерден таасирленишип, икона тартышса, 19-кылымда диний сүрөт канондорунан бошоно башташкан. Белгилүү сүрөтчүсү Захарий Зограф замандаштарынын портретин тартып, реалдуу турмушту чагылдырган. Экинчи болгар падышачылыгы мезгилинде биротоло Византияга көз каранды эмес өз алдынча искусство калыптанат. Тырноводо (учурда Велико-Тырново) таштан падыша сарайы, көптөгөн храмдар, чиркөөлөр, «Баба Вида» (12-14-к; Видинда) капкасы салынган. Осмон түрктөрүнүн эзүүсүнөн бошонгондон (1878) кийин, искусствосуна, архитектурасына акырындап европалык көркөм сүрөт процесси кире баштаган. Өлкөнүн жаңы борбору Софиянын хан сарай, улуттук театр, Александр-Невскийдин храмэстелиги пайда болуп, аянттары жана парктары монументтер менен кооздолгон. Архитектурасында экллектизм, неоклассицизм, улуттук романтизм тенденциялары пайда болуп, функционализм өнүгөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар куруу башталып, шаарлары реконструкцияланып, жаңы өнөр жайлуу шаарлар (Димитровград, Мадан жана башкалар) өсүп чыкты. 20-кылымдын 2-жарымынан искусство улуттук каада-салт жана жаңы тенденциялар менен коштолуп өнүгүүдө. 21-кылымдын көрүнүктүү живописчилери: Д. Казаков, И. Кирков, С. Русев, графикчилери: Р. Скорчев П. Чуклев, С. Стоилов, скульпторлор: Л. Далчев, В. Минеков, В. Старчев, Г. Чапкынов. Музыкасында улуттук музыка чоң роль ойнойт. 9-кылымдан чиркөө ырлары өнүгүп келген (Византиянын таасиринде). Ионна Кукузелянын аты менен чиркөө ыры өтө байланыштуу. 21-кылымдын башталышына чейин чиркөө-ыр мектеби сакталган. Учурдагы музыкасы 19-кылымдын 3-жарымынан өнүккөн. Алгач чет элдик музыканттардан (негизинен чехтер) таасирленишкен. 1880-ж. Софияда 1-өз алдынча оркестр (Гвардия) түзүлгөн. 1890-92-ж. опера труппаларын түзүүгө аракеттенишкени менен хор коллективдери пайда болгон. Улуттук композиторлор мектебин Э. Маналов (1-болгар «Кайырчы» операсынын автору), А. Букорештлиев, А. Морфов, П. Пипков, Н. Атанасов (1-болгар симфониясынын автору, 1912) негиздешкен. Д. Христов фольклор музыкасын негиздесе, Г. Атанасов операны («Гергана», «Ц вета») уюштурса, 1908-ж. труппа түзүлгөн. Болгар вокалдык мектеби дүйнөгө таанымал. Болгарияда опера театрлары (София улуттук, Стара-Загорадагы мамлекеттик, Пловдивде мамлекеттик), камералык опера (Благоевградда), опера театрлары (Бургас, Русе), музыкалык-драма театрлары (Велико-Тырново), Болгариянын радио жана телекөрсөтүүсүнүн симфониялык оркестри, С. Обретенов атындагы хор капелласы жана коллективдери иштейт. 1946-ж. болгар композиторлор, 1965-ж. болгар музыкалык ишмерлер союздары, 1921-ж. Болгария мамлекеттик музыкалык академиясы, 1948-ж. БИАнын астында музыка институту ачылган. Б. Христов атындагы жаш опера ырчылар, Г. Димитров атындагы май хор, «Алтын Орфей» эстрада ырчылар конкурстары, Варна жайы (1926), Руседеги март музыка күндөрү (1961), София музыкалык аптасы (жыл сайын, 1970) фестивалдары өткөрүлөт. Улуттук театр өнөрү 19-кылымдын ортосунан өнүгө баштаган. 1840-ж. улуттук мектептерде болгар тилинде драмалык диологдор коюлуп келген. 1856-ж. театрлаштырылган оюндар Ломе жана Шуменде көрсөтүлгөн. 1881-ж. алгачкы профессионалдык (Пловдивде), 1888-ж. «Основа» Болгар улуттук театры, 1892-ж. драма группалары (учурда «Иван Вазов» театры), Улуттук актёрлор мектеби жана драматургия түзүлгөн. 1897-1905-ж. көчүп жүрүүчү театрлар (Роза Попова жана башка) пайда болгон. Москва көркөм театрынын актёру Н. О. Массалитинов (Улуттук театрда 1925-61-ж. иштеп 1944-ж. чейин көркөм жетекчи, студия мектебин түзгөн), жазуучулар И. Йовков, С. Л. Костов, Р. Стояновдор менен бирдикте иштеп, болгария драматургиясынын өсүшүнө зор салым кошкон. 1945-ж. Софияда Улуттук жаштар театры, 1946-ж. коллективдүү куурчак театр, 1948-ж. мамлекеттик жогорку театр окуу жайы (учурда театр жана кино искусство улуттук академиясы), 1950-60-ж. бир нече театрлар («Болгар армиясы», «Апостол Карамитев», сатира театры жана башкалар) ачылган. Белгилүү актерлору: М. Дупаринова, А. Карамитева, И. Кондов, Т. Массалитинова, С. Славова жана башка «Сфумато» театр мектеби, «За каналом» шаардык кичи, «La Strada», «Ателье 313» театрлары (баары Софияда) иштейт. Режиссёрлору И. Добчев, М. Младенова, С. Камбарев, А. Морфов, С. Москов. Софияда, Пловдивде, Варна жана башка шаарларда театр фестивалдары өткөрүлөт. Алгачкы киносу эл алдында 1897-ж. эле көрсөтүлгөн. 1900-10-ж. даректүү картиналары жаралган. 1915-ж. театр актёру В. Гендов «Сыпайы болгарин» комедиясын тарткан. 1919-ж. «Лунафильм» АК, 1939-ж. 1-мамлекеттик кино ишканасы «Болгария иши» түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1950-ж. толук метраждуу фильмдер «Бүркүт Калин», «Тревога», «Сентябрь баатырлары», «Эзүү алдында» жана башка тартылган. 1972-ж. «Дөшү же балка» (СССР жана Германия менен бирдикте), 1979-ж. «Барьер» фильмдери Москвада өткөн кинофестивалда байгелүү орундарга жетишсе, «Сүйүү» фильми (1972) баш байгеге ээ болгон. 1990-ж. чет өлкөнүн жардамы менен И. Ничев («Иван жана Александра», «Бай Ганьо Европада жүрөт» жана башка), Л. Тодоров («Жүгүргөн иттер», «Бир шалпаң кулактын сүйүү жайы», «Эмилинин достору»), Дюлгеров («Кара чабалекей») кино жаратышкан. А. Кулев 2002-ж. «Госпожа Динозавр», К. Бонев «Кечээки тамакты ысытуу керек» (Македония менен бирдикте), 2003-ж. «Кудай бизди көрүш үчүн көктөн түштү» фильмдери (Франция менен бирдикте) тартылган. 1961-жылдан Варнада кинонун улуттук фестивалы, 1979-жылдан анимация киносунун эл аралык фестивалы жана башка өткөрүлөт. Софияда Улуттук кино борбор жана синематика иштейт. Байыртадан эле Болгарияда спорт мелдештери, ат үстүндө ойноо, оор нерсе көтөргөн, акробатиканы, аркан менен басканды, пантомима, куурчак оюндарын көрсөткөн труппалар болгон. Бул улуттук цирк өнөрүнүн пайда болушуна алып келди. 1886-ж. Софияга япон группасы келип, 1-жыгач циркти курган. 1910-ж. Панайотов цирк мектебин түзүп, анда Я. Георгиев, Е. жана А. Пырвановдор, П. жана Г. Пенчевдер, Т. Пиронков, А. Димитров билим алышып, кийинчерээк өз группаларын түзүшкөн. 1920-ж. Л. Добрич дүйнөлүк атакка «Өлүм трапециясы» номери менен жеткен. 1957-ж. цирктин туруктуу имараты курулуп, 1990-жылдан мамлекеттик цирк иштейт. Белгилүү цирк артисттери: клоун В. Козаров, жонглёр А. Божилов, гимнасттар Пановдор, акробаттар Пырвановдор, эквилибрист А. Балканский, иллюзианист X. Евстатнев. 1990-жылдан менчик цирк-шапито иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | edit source]