Болжурова Ишенкүл Садыковна

Википедия дан

Биография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Болжурова Ишенкүл Садыковна (22.12. 1951-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Тасма кыштагы) педагогика илимдеринин доктору (2006), тарых илимдеринин кандидаты (1978), профессор (1999). КРдин билимге эмгек сиңирген кызматкери (1997), II класстагы мамлекеттик кеңешчи (2003). ММУнун аспирантурасын бүтүргөн (1976). КМУда окутуучу, Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда окумуштуу секретарь (1978-83), Партия тарыхы институтунда улук илимий кызматкер (1983-91), БГУда проректор (1992), ректор (1994 2002), К Р дин билим жана маданият министри (2002-04), КР дин вицепремьер министри (2005), КУУнун ректору (2006), КМШ жана ЕврАзЭСтин чегинде интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча КРдин Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү (2006), КРдин билим берүү жана илим министри (2007). Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы, Балтика өлкөлөрүндөгү жана КМШнын уставдык органдарынын алдындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (2009-2010-жылдары).

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгүл Болжурова 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) тарых факультетин “Тарых жана коом таануу” адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 1977-жылы М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн.

Мугалимдик жана илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгүл Садыковна КМУда окутуучу, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун окумуштуу катчысы, Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партия тарыхы институтунун улук илимий кызматкери, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине караштуу Партиянын тарых институтунда улук илимий кызматкер, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун доценти, Мамлекеттик тилдер жана гуманитардык илимдер институтунун илим боюнча проректору, Бишкек гуманитардык университетинин ректору болуп иштеген. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министри болуп дайындалган.

Дипломатиялык ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылы Ишенгүл Болжурова Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган[1].

Кыргызстандагы апрель окуяларынан кийин Ишенгүл Болжурова Минскиде басма сөз жыйынын өткөрүп, эл аралык коомчулукту кыргыз элинин жана Убактылуу өкмөттүн тарыхый тандоосун колдоого чакырган[2].

Акыркы жылдары Ишенгүл Болжурова Кыргыз-Орус Славян Университетинин ректорунун кеңешчиси жана КР Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрайымы болуп иштеген.


[1]Кыргыз Республикасынын Беларустагы Элчилиги https://mfa.gov.kg/ru/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-respublike-belarus

[2] Канымгүл Элкеева. И. Болжурова: “Мен кыргыз элине, Кыргызстанга иштеп атам”// https://www.azattyk.org/a/Kyrgyzstan__Education_Minister_Ishengul_Boljurova/2023024.html

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абылай хан атындагы Казак мамлекеттик эл аралык мамилелер жана дүйнө тилдери университетинин ардактуу профессору (2001-жыл).

“Даңк” медалы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер (1997-жыл)

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгүл Болжурова 120дан ашык илимий эмгектин автору. Анын жетекчилиги астында эки кандидаттык диссертация корголгон.

Кыргызстандын колхоз чарбачылыгы өнүккөн социализмдин шарттарында. Фрунзе, Илим, 1985-жыл

Айылдагы заманбап социалдык процесстерди өнүктүрүүдө КПССтин жетектөөчү ролунун күч алышы. Фрунзе, “Кыргызстан”, 1985-жыл.

Кыргыз ССРинин тарыхы, 4-том, 4-бап, 5-параграф. Фрунзе, “Кыргызстан”, 1990-ж.

“Манас таануунун кыскача тарыхы” (авторлош), Бишкек, 1998-ж.

Тарыхтын лабиринттеринен адашып калбагыла. Бишкек, “Шам”, 2001

Кыргызстандагы билим берүү: тарыхы, көйгөйлөрү жана жетишкендиктери / И.С. Болжурова. Бишкек: “Имак офсе” басмаканасы, 2018-жыл.

Кыргызстандагы советтик дипломатиянын тарыхынын очерктери (1921-1991): окуу китеби/И.С. Болжурова, Ж.К. Бөкөнбаева; КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген. Бишкек: Кыргыз-Орус Славян Университетинин басмаканасы, 2018-жыл

Кыргыз мамлекеттүүлүгү (Документтер жана материалдар жыйнагы): Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн / Ред. И.С. Болжурованын редакциясы алдында. Бишкек: КТМУ, 2002-жыл

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына киришүү: ЖОЖдор үчүн лекциялар курсу / Э.Д. Бейшембиев, И.С. Болжурова, Д.Д. Жунушалиев жана башкалар. Бишкек: “АРХИ”, 2004-жыл.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгүл Болжурова көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн, 10 баланын улуусу. Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Болжурованын жолдошу – Кулубек Бөкөнбаев – КР экс-экология министри, КР УИАнын мүчө-корреспонденти. Финляндиянын борбору Хельсинкинин архивдеринен Алай ханышасы Курманжан датканын сүрөттөрүн таап чыккан[1].

Ишенгүл Болжурованын Жаңыл жана Айжан аттуу эки кызы бар.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкекте Кыргызстандагы орус тилинин ролу тууралуу конференция өтүүдө

https://ru.sputnik.kg/20201215/kyrgyzstan-russkij-yazyk-konferenciya-1050781992.html

Билим берүү министрлигинин кеңейтилген коллегиясы жыл жыйынтыгын чыгарды

https://rus.azattyk.org/a/2407653.html

Канымгүл Элкеева. И. Болжурова: “Мен кыргыз элине, кыргыз жерине иштеп атам”

https://www.azattyk.org/a/Kyrgyzstan__Education_Minister_Ishengul_Boljurova/2023024.html

Мурдагы билим берүү министри КР ТИМдин Коомдук кеңешин жетектейт

https://ru.sputnik.kg/20201215/kyrgyzstan-russkij-yazyk-konferenciya-1050781992.html

Александр Тузов. Экс-вице-премьер, профессор Болжурова мааракесин жаңы ачылыштар менен белгилеп жатат

https://www.vb.kg/doc/411176_eks_vice_premer_professor_boldjyrova_otmechaet_ubiley_novymi_otkrytiiami.html