Мазмунга өтүү

Болот Жыртаков

Википедия — ачык энциклопедия
Болот Жыртаков
[[Файл:
Болот Жыртаков
|220px]]
Туулган датасы:

23 -октябрь 1870(1870-10-23)

Туулган жери:

Калмак-Кырчын айылы, Кокон хандыгы

Өлгөн датасы:

15 -февраль 1944(1944-02-15) (73 жаш)

Өлгөн жери:

Калмак-Кырчын айылы, Октябрь району, Кыргыз ССР, СССР

Жарандыгы:

 Орусия империясы
СССР желеги СССР

Ишмердүүлүгү:

Коомдук ишмер, тилмеч

Болот Жыртаков (1870-1944) — Болот талмач (тилмеч) деген лакап ат менен таанылган Көк-Арт өрөөнүнөн чыккан коомдук ишмер,атктуу эл кадырлаган адам. Басыз уруусунун Каман уругунан.

Болот Жыртаков 1870-жылы Көк-Арт өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Алты жашка чыкканда, аталаш агасы — Көк-Арт болуштугунун кадыр-барктуу болушу Чыйбыл Абдылла уулу аны өз камкордугуна алып, таалим-тарбия берет. Чыйбыл болуш акылы, парасаты жана эл ичиндеги кадыр-баркы менен айырмаланган, урмат-сыйга татыган инсан болгон. Жаш Болотту эр азамат катары тарбиялап, элге кызмат кылуунун жолун үйрөткөн.

1898-жылы бүтүндөй Фергана өрөөнүн солкулдаткан Андижан көтөрүлүшүнө катышкан Болот Жыртаков көтөрүлүштүн башында турган Чыйбыл болуш менен бирге камакка алынып, Андижан түрмөсүнө камалат. Бир жума өткөндөн кийин алардын жанына жаңы туткундар алынып келет. Алардын арасында Токтогул Сатылганов дагы болгон. Ошол учурда түрмөдө 70-80ге жакын адам камакта отурган.

Тергөө бүткөн соң өкүм чыгарылып, Болот Жыртаков баштаган үч адам 10 жылга, ал эми Чыйбыл болуш, Токтогул Сатылганов жана дагы бир адам 20 жылга Сибирге сүргүнгө айдалат. Эртеси күнү алардын баары вагонго салынып, Самаркандга жөнөтүлөт. Бир айдан кийин Красноводскка жеткирилип, кемеге салынып, алгач Бакуга, андан соң Махачкалага, кийинчерээк Козловкага жеткирилет. Бул жерден кийин Саратовго, андан соң Москвага жөнөтүлүп, кыш бою оор жумуштарда иштешет. Жаз келип, аларды Харьковго, ал жерден 1899-жылдын аягында Красноярскиге, андан кийин Александровск түрмөсүнө камашат. 1900-жылы күздө Байкал темир жолун курууга жөнөтүлөт. Андан соң Иркутскидеги кыш заводунда иштешет.

Иркутскиде Чыйбыл болуш күйдүргү илдетинен каза табат. Болот агасынын сөөгүн мусулман салты боюнча акыркы сапарга узатып, адамдык милдетин аткарат. Бул кайгылуу окуя ага адамгерчилик жана кайратмандык жөнүндө терең сабак берет.

Сүргүндө жүргөндө, башка мусулмандар менен тыгыз байланыш түзүп, тилектештиктин үлгүсүн көрсөтөт. Орус улутундагы Иван Трусьиков аттуу адам менен биргеликте Токтогул Сатылгановдун качып чыгышына көмөктөшөт. Бул окуя Болоттун эр жүрөктүүлүгүн, ак ниеттүүлүгүн жана достукту улуттан жогору койгон асыл сапаттарын чагылдырат.

Сүргүндүн оор жылдары артта калып, 1908-жылы мөөнөтү аяктагандан кийин, Болот орус улутундагы айымга үйлөнүп, эки кыздуу болот. Бул турмуштук кадамы анын ачык көз карашын, достук жана ынтымакты жогору баалаганын далилдейт.

1915-жылдын аягында жубайы жана эки кызын ошол жакта калтырып, Болот мекени Көк-Артка кайтып келет. Бул жакта кайрадан үй-бүлө күтүп, үч уул жана үч кыздуу болот. Ал өзгөчө кыргыздар менен орустар арасындагы мамилени чыңдоого чоң салым кошуп, эки элдин ортосундагы көпүрө ролун аркалаган. Жергиликтүү элдин тең урмат-сыйына татыган.

1918-жылы Совет бийлиги орногондо, ал большевиктер тарапты тандап, жаңыдан калыптанып жаткан Кеңеш өкмөтүнө активдүү көмөк көрсөтөт. Элге жаңыча жашоо образын түшүндүрүп, билимге, адилеттикке үндөйт. Коомдук иштерге жигердүү катышып, социалисттик коомдун пайдубалын түптөөдө чоң эмгек сиңирет.

Болот Жыртаков — өз доорунун кыраакы уулу, элине күйгөн, элдерди ынтымакка үндөгөн, эл-журттун биримдиги үчүн жан үрөп кызмат кылган улуу инсан болгон. Анын өмүр жолу — кайратмандык менен акылмандыктын, элге кызмат кылуунун жана достуктун айкын үлгүсү.

Ал 1944-жылы, 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сайфиддин хожи Жалилов "Салтанатни титратган кунлар" Ташкент, 1998-жыл.

Саткын Сасыкбаев "Токтогулдун замандаштарынын эскерүүлөрү"

Жолболду Болотов "Камандар санжырасы" Жалал-Абад, 2003-жыл.