Мазмунга өтүү

Болот Кадыры

Википедия долбоорунан
Болот Кадыры
уйгурча: پولات قادىرى
Туулган датасы:

1919 жыл(1919)

Туулган жери:

Кутубу ооданы, Шинжаң-Уйгур автоном району

Өлгөн датасы:

26 -август 1970(1970-08-26)

Болот Кадыры (1919–1970) — уйгур журналисти, жазуучусу жана тарыхчысы. Ал Шиңжаң Уйгур автоном районунун Кутубу ооданында дыйкан үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Болот Шиңжаң Дарилмуаллимди жогорку жетишкендик менен аяктагандан кийин, 1941-жылы «Шиңжаң гезити» редакциясында иштей баштаган. Кыска убакыт ичинде башкы редакторлукка көтөрүлгөн. Ал ошондой эле «Эрк» гезитинде да иштеген.

1943-жылы улутчулдук боюнча айыпталып, түрмөгө камалган. Алты ай түрмөдө отургандан кийин кайрадан өз кызмат ордуна кайтып келген. 1947-жылы гезиттин урааны тууралуу «Эрк урааны» (Erk Şuarı) аттуу чакан китепчесин жарыялаган. 1948-жылы ал Шиңжаңдын тарыхы тууралуу маанилүү эмгеги «Өлкө тарыхы» (Ölke Tarixi) жарыялаган[1].

1949-жылы Аалыкан Төрө, Мухаммед Эмин Бугра жана Алихан Эсенкулдар менен бирге Кашмирге качып, үч жыл ошол жерде жашаган. Андан соң Түркияга көчүп кеткен.

Түркияда ал «Амач Карахожа» деген ысым менен «Чыгыш Түркстан—Кытай колониясы» (Doğu Türkistan—Çin Müstemlekes) аттуу китебин жазган[2].

Болот Кадыры 1970-жылдын 26-августунда жүрөк оорусунан каза болгон.

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Эрк урааны, Үрүмчү: Алтай басмасы, 1947
  • Өлкө тарыхы, Үрүмчү: Алтай басмасы, 1948
  • Чыгыш Түркстан—Кытай колониясы, Станбул, 1960, (Амач Карахожа ысым менен)
  1. Tursun, Nabijan (2008). "The Formation of Modern Uyghur Historiography and Competing Perspectives toward Uyghur History". China and Eurasia Forum Quarterly: 87-100. 
  2. Republished books on Republican Xinjiang. Sinoturcica (22.10.2011).