Болот Минжылкыев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Миңжылкыев Болот Абдуллаевич[оңдоо | булагын оңдоо]

Б.А.Миңжылкыев 1940-ж. 24-апрелде Фрунзе шаарында туулган. 1997-ж. 16-августа Бишкек шаарында каза тапкан.
Опера ырчысы.КРнын СССРдин эл артисти.
1961-ж. Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрынын студиясында окуган.
КРнын эл артисти С. Юсуповдон,С.Х. Чеховдон сабак алган. 1962-ж. КРнын маданият министрлигинин жолдомосу менен Өзбек республикасынын Ташкент мамлекеттик консерваториясынын вокалдык бөлүмүнө кабыл алынган.
Орто Азия республика калааларынын жана Казакстан музыкант аткаруучуларынын биринчи конкурсунун лауреаты болгон. Италиянын Милан театрында стажеровкасын жогорулатуу үчүн болгон. Анда көптөгөн белгилүү опера ырчылары менен кошо “Ла Скланын” чоң сахнасында Дж .Вердинин “Дон Карлос” аттуу операсынан италянча Король Филлипптин партиясын аткарган. Ошондой эле “Борис Гадунов” операсынан Борис Гадуновдун партиясын аткарган. 1973-ж. Софияда өткөн вокалисттердин эл аралык конкурсунда алтын медалга жана лауреат наамын алган. Тулузиада гранд при сыйлыгына татыктуу болгон. 1992-1997-ж.ж. Санкт Петербургдагы Марин опера жана балет театрында иштейт Атактуу коллектив менен дүйнөнүн көп шаарларында ;Италия, Франция, Болгария, Польша, ГДР, Японияда , [ [Кытайда ] ] гостролдо болгон. Советтик комсомол ырларын активдүү жайылткандыгы үчүн 1976-ж. Бүткүл Союздук Ленин Комсомол сыйлыгы тапшырылган. СССР Жогорку советинде жана КЫргыз ССР Жогорку советине депутат болуп шайланган. Казакстандын эл аралык “Алтын копүрө” сыйлыгынын лауреаты. 1998-ж. [[Марин] ] жана улуттук опера театрында музейи ачылган. Анын ысымы Бишкектин бир көчөсүнө берилген.

categor:персоналия