Болот конструкциялары

Википедия дан

Болот конструкциялары болоттун ар кандай маркасынан даярдалган курулма түзүлмөлөр. Алардын элементтери ширетүү, бөрктөп чегелөө же бурама менен бириктирилет. Алар адатта күч келүүчү курулуш конструкциясы катары (имарат каркасы, көпүрөнүн аралык курулмасы, телекөрсөтүү мунарасы жана башка) имарат, кеме жасоочу же оңдоочу эллинг, самолёт туруучу ангар жана башкаларды курууда пайдаланылат. Болот конструкциясынан курулуш краны, мунара, нефть чалгындоо мунарасы, чоң 19-100 диаметрлүү түтүктөр, домналар жана башкалар жасалат жана дат басуудан сактоо үчүн карапа, бетон жана башка материалдар менен капталат. Болот конструкциясын долбоорлоодо конструкциясынын бекем жана туруктуу болушун камсыз кылуу зарыл. Чоң болот конструкциялары көргөзмө павильондорун, спорт залдарын, самолёт жыйноочу цехтерди жабууда колдонулат. Алар көмүртек аз кошулган, аз легирленген жана өтө бекем болоттон жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]