Болeро
Болeро испан эл бийи. 18-кылымдын акырында пайда болгон. Жеке же эки киши орто ылдамдыкта бийлейт. Болеро опера жана балетте да пайдаланылган. Адатта кастаньетта менен гитаранын үнү коштойт. Көп композиторлор болерого кайрылып, анын ыргагында романстарды, арияларды, аспаптык пьесаларды жана симфониялык поэмаларды жаратышкан. Өзгөчө белгилүүсү М. Равелдин оркестр үчүн «Болеросу».
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4