Бомарше Пьер Огюстен Карон де

Википедия дан

Бомарше Пьер Огюстен Карон де (24. 1. 1732, Париж 18. 5. 1799, ошол эле жер) француз драматургу. «Евгения» (1767), «Эки дос» (1770) драмаларында өз заманындагы коомдук теңсиздикти чагылдырган. Анын «Мемуарлары» (177374) ошол кездеги сот ишин жүргүзүүдөгү адилетсиздикти аёосуз ашкерелеген сатиралык памфлет. Бомаршенин драмалык чыгармаларынын туу чокусу «Севильялык чачтарач» (1775), «Фигаронун үйлөнүшү» (1784) аттуу комедиялары. Бомарше «Айыптуу эне» (1792) аттуу пьесасында өткүр сатирадан мелодрамага өткөн. «Севильялык чачтарач» комедиясына Ж. Россини (1816), «Фигаронун үйлөнүшү» комедиясына В. А. Моцарт (1786) опера жазып, дүйнөлүк театр сахналарында коюлууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]