Бооралбас, Кырка тоо

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бооралбас, Кырка тооИчки Теңир-Тоодогу кырка тоо. Соңкөл өрөөнүнүн түштүк жагында батыштан чыгышка карай созулуп жатат. Узундугу 70 км. Бирин бири далдалаган жана өзүнчө обочолонуп жаткан эки кырка тоодон турат (Бооралбас, Ителгиуя). Орточо бийиктиги 3500 м. Эң бийик жери 3980 м (Ителгиуя чокусу). Девон менен карбондун боз жана кызыл түстөгү карбонаттуу терриген тектеринен, айрым жерлери кембрий, ордовиктин көмүртектүү сланец жана карбонаттуу катмарларынан түзүлгөн. түндүк капталдары менен кыр жагында астыңкы палеозойдун гранит интрузиялары басымдуулук кылат. Б. к. тнун. борбордук бөлүгү өтө бийик келип, батышты жана чыгышты карай жапыздайт. түштүк капталдары тик, кемерлүү, түндүк тарабы анча тик эмес, Соңкөлгө карай этек жагы жантайып кетет.

Айрым жерлеринде байыркы денудациялык тегиздиктер кездешет. Таманы тегиз өрөөндөр жана аларды бөлүп турган жапыз жондор көлдү карай эңкейиштейт. Ителгиуянын күнгөй бети тик, тескейи жантайыңкы; кырларында айдөөш тегиздиктер даана байкалат. Бооралбас кырка тооcунда байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири таралган; азыркы мөңгүлөр жок. Ландшафттары бийиктикке жана тоо капталдарынын экспозициясына жараша өзгөрөт. Тескей капталдарын 3150 м бийиктикке чейин түркүн чөптүү (шимүүр, каз таман, көбүргөн) субальп, андан жогору альп шалбаалары (түркүн гүлдүү чөптөр, доңуз сырт) ээлейт. Соңкөлгө такалган этегинде өлөң чөп, саздуу шалбаа басымдуу. Күнгөй беттерине бетегелүү (тоо сулу, казтаман, шимүүр жана башкалар), түркүн чөптүү талаа (2500–3000 м), жапалак арча, бадалдар (төө куйрук, табылгы), бетеге, түркүн чөптөр аралаш өскөн субальп (3000–3500 м) жана альп шалбаалуу талаа (3500 мден жогору) зоналары мүнөздүү. Куртка өрөөнүндө тоонун Кажырты суусуна караган бетеринде карагай токоюнун массивдери бар. Жайлоо.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]