Боотерек

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

БоотерекТалас облусунун Бакай-Ата районундагы кыштак. Боотерек айыл өкмөтүнө караштуу. Талас Тараз автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 975 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта, Жамбыл темиржол бекетинен (Казакстан) 75 км. 1891-ж. отурукташкан. Калкы 4662 (2005); негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, спорт комплекси, универсал дүкөн, турмуш-тиричилик комбпнатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]