Борбордук Азиядагы Америкалык Университети

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Борбордук Азиядагы Америкалык университетин (англ. American University in Central Asia) — Камила Шаршекеева ачкан. Ал Кыргызстандын билим берүү системасында көп жаңылыктарды киргизген. 1979-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз Улуттук Университетинде англис тилинен сабак берген. Ал кездерде анын Кыргызстанда жакшы билим берүү жөнүндө ойлору болгон. 1993-жылы Кыргыз Америкалык факультетин Кыргыз Улуттук Университетинде ачкан. Ошол жылы Кыргыз Америка факультетине биринчи жолу 40 студент окууга кирген. Бул факультет 1997-жылы Кыргызстандагы Америка Университетине (КАУ) өзгөргөн. Ал кезде факультетти университетке өзгөртүү абдан кыйын болгон. Кыйынчылыктарга карабастан, университетти түзүүчү – Камила Шаршекеева, Кыргызстандагы Америка Университетинин биринчи президенти – Жон Кларк жана вице-президенти Марта Мерил бул иштерди абдан мыкты аткарышкан. Бул университет 2002-жылы Борбордук Азиядагы Америка Университетине өзгөргөн. Азыркы учурда бул университет Борбордук Азиядагы эң жакшы университеттердин бири. Бул университетке Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн көп студенттер келип окушат.