Борбордук депозитарий
Борбордук депозитарий – айрым мамлекеттерде бүткүл өлкөнүн чегинде баалуу кагаздар боюнча укуктарды жана алар менен аткарымдарды борборлоштуруп эсепке алуучу уюм; андын сырткары, баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактайт. Б. д. депозитардык ишмердикти жогорку технологиялык шарттарда баалуу кагаздар менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматтарды кыска мөөнөттүн ичинде каттоого мүмкүндүк түзүүчү, кеңири тарамдашкан маалымат тармагын пайдалануу менен ишке ашырат. Б. д-дин болгону баалуу кагаздардын ары-бери кыймылын азайтууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде алардын айлануусун тездетет жана чыгымдарды азайтат. Мындан сырткары, Б. д-дин болгону баалуу кагаздардын жоголуп кетүү тобокелчилигин азайтат жана жасалма чыгарылышын төмөндөтөт. Кээбир мамлекеттерде (м.: Францияда) баалуу кагаздарды Б. д-де депонирлөө алардын фондулук биржа жүгүртүмүнө коё берилишинин сөзсүз милдеттүү шарты болуп саналат. КР Б. д. депозитордук жана аны коштоочу ишмердикти, анын ичинде тизме түзүүнү ишке ашыруучу юридикалык жак болуп саналат.
== Колдонулган адабияттар ==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |