Мухтар Борбугулов

Википедия дан
Борбугулов, Мухтар‎»‎ барагынан багытталды)
Мухтар Борбугулов
Ишмердүүлүк тармагы:

жазуучу, окумуштуу, драматург

Туулган датасы:

5 -май 1930(1930-05-05)

Туулган жери:

Кыз-Көл, Сузак району, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Өлгөн датасы:

13 -октябрь 2004(2004-10-13) (74 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан

Мухтар Борбугулов (1930–2004[1]) — тамсилчи, окумуштуу, сынчы, драматург.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1930-жылы 5-майда Сузак районундагы Кыз-Көл айылында туулган. Атасы Борбугул комуз чертип ырдаган, аты кыйлага угулган киши болгон.

1946-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын, 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (ал кезде педагогикалык институту) филология факультетин бүтүп, 1952-жылы Москвадагы СССР илимдер академиясынын Горький атындагы адабият институтунун аспирантурасына жиберилген. 1957-жылы «Кыргыз совет драматургиясы» деген темада кандидаттык диссертация жактап, 1964–1966-жж. Казак ССРинин илимдер академиясынын докторанты, 1967-жылы профессор, КМУнун СССР элдеринин адабият кафедрасынын башчысы, 1988-жылдан Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редактору, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, журналистика кафедрасынын башчысы болуп иштейт.

М.Борбугуловдун ырлары райондук жана облустук гезиттерге 1946-жылдан баштап чыга баштайт. Студент кезинде жазган «Ак алтын усталары» аттуу пьесасы республикалык көп актылуу пьесалардын конкурсунда сыйлыкка көрсөтүлгөн. 1952-жылдан тамсил жаза баштаган. 1955-жылы анын «Тамсилдер жана ырлар» аттуу биринчи жыйнагы, 1958-жылы «Горькое лекарство» деген китеби орус тилинде чыгат.

М.Борбугуловдун «Элеттик жигит» аттуу романы кыргыз, орус тилдеринде жарыкка чыккан.

1950-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1981-жылы «Улуттук жана интернационалдык биримдик» деген китебине СССР Жазуучулар союзунун сыйлыгы ыйгарылган.

«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалдары, ВЛКСМдын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мухтар Борбугуловдун небереси — Дина Маслова

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде
  • Тамсилдер жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 120 б.
  • Тамсилдер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 94 б.
  • Кыргыз совет драматургиясынын өсүү жолу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 18 б.
  • Тамсилдер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 114 б.
  • Керегем, сага айтам... – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 113 б.
  • Турмуштун тереңин көздөй. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 172 б.
  • Элеттик жигит. Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 104 б.
  • Учу-кыйырсыз жол. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 182 б.
  • Тандалган тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 124 б.
  • Кенч капкасын ачып...: Макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1975
Орус тилинде
  • Горькое лекарство: Басни. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 62 с.
  • Пути развития киргизской советской драматургии. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 137 с.
  • Джигит из глухого аила: – Роман. – М.: Сов. писатель, 1967. – 261 с.
  • Бабушка и спутник: Комедия. – М.: ВААП, 1977. – 58 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Сегодня бы исполнился 91 год литературоведу, академику Мухтару Борбугулову. Kaktus.media. Текшерилген күнү 26 -ноябрь (жетинин айы) 2023.