Султан Боронбаев

Википедия дан
Боронбаев Султан‎»‎ барагынан багытталды)

Боронбаев Султан (1934-ж. туулган, Жумгал району, Чаек кыштагы) - медицина илимдеринин кандидаты (1965), СССР саламаттыкты сактоонун отличниги.

  • Чаек орто мектебин 1951-ж. алтын медаль менен, Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн (1957).
  • Эмгек жолун Жумгал райондук ооруканада терапевт болуп баштаган.
  • 1959-ж. медицина институтунун госпиталдык хирургия кафедрасында клиникалык ординатура жана аспирантура курстарын бүтүрүп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
  • 1964-92-жылдары госпиталдык хирургия кафедрасынын ассистенти, ич органдарынын (ичегикарын, боор, өт, уйку бези) чукул курч өтүүчү ооруларга операция жасайт.
  • Ал 100дөн ашык илимий эмгектин, студенттер үчүн усулдук көрсөтмөлөрдүн автору.
  • Тажрыйбалуу жогорку категориядагы хирург.
  • 1992-95-жылдары Суусамыр райондук ооруканасын жетектеп, керектүү аспаптар, аппаратуралар менен жабдууга жана операция жасай турган жаңы жай курууга көмөк көрсөтүп, ар түрдүү татаал ооруларды (богок, эхинококк, холецистит) операция жасоого шарт түзүп, операция жасаган.
  • 1998-жылдан Кыргыз - Россия славян университетинде доцент.
  • Республикалык Реконструкция жана кайра калыбына келтирүү борборунда жана ар тармактуу менчик «КАМЭК» клиникасында насаатчы.
  • Кырбаш уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9