Боронов, Адина Айылчиевич

Википедия дан

Боронов, Адина Айылчиевич (1957, Алай району, Жошолу айылы) — «Манас» изилдөөчү, филология илимдеринин кандидаты (1988). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин. бүтүргөн (1981). 1981 —83-ж. Москвада СССР Илимдер акдемиясынын Тил таанууинститутунда стажировкада болгон, 1983-жылдан ушул эле институтта аспирант. 1988—90-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабиятинститутунда илимий кызматкер, 1989жылдан Кыргыз айыл чарба институтунда улуу окутуучу, 1991-жылдан кафедра башчысы. «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манастагы» адам аттары» деген темада кандидаттык диссертация (1988) коргогон. Анда эпостогу адам ысымдары, алардын этимологиясы иликтенген. ''Манас'' эпосу менен кыргыз тилинин карым-катнашына, эпостун тилине байланыштуу илимий макалалардын автору

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4