Бор-ван лёвен теоремасы
Бор-ван лёвен теоремасы классикалык статистикалык физиканын туруктуу сырткы магнит талаасындагы электрондор системасынын магниттелиши статистикалык теңсалмактуулук шартта нөлгө барабар экендигин аныктаган теорема. Вул теореманы 1911-ж. Н. Бор далилдеген, 1919-ж. голландиялык физик И. ван Лёвен жалпылаган. Теорема заряддалган бөлүкчөлөрдүн классикалык статистикалык механикасы ферромагнетизмди, парамагнетизмди жана диамагнетизмди түшүндүрө албайт. Заттардын магнетизми аларды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кванттык касиеттери менен шартталган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4