Босния жана Герцеговина

Wikipedia дан
Location Bosnia-Herzegovina Europe.png
Flag of Bosnia and Herzegovina.svg

Босния жана Герцеговина Республикасы Түштүк-Чыгыш Европадагы мамлекет. Балкан жаңы аймагынан орун алган. Түндүгүнөн, батышынан жана чыгышынан Хорватия, чыгышы менен түштүк-чыгышынан Сербия жана Черногория (Жаңы Югославия) менен чектешет. Аянты 51,1 миң км2. Калкы 4,4 млн (2005). Расмий тилдери босан, серб, хорват тилдери.

Борбору Сараево шаары Администрация-аймагы жактан 79 общинага [анын ичинде 62 си Серб Республиканын курамында; Брчко общинасы эл аралык арбитраждын чечими менен өзгөчө дистрик (округ) деп жарыяланган] жана 10 кантонго бөлүнөт. Ал Босния жана Герцеговина федерациясы менен Серб Республиканын кондоминиуму болуп саналат. Акча бирдиги алмашууга жарактуу марка (КМ). Босния жана Герцеговина федерациялык мамлекет [Босния жана Герцеговина федерациясынан (Мусулманхорват федерациясы) жана Серб Республикасынан турат]. Конституциясы 14-декабрда 1995-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысынын функциясын Президиум (эки жылга серб, хорват жана бошняк жамааттарынан бирден өкүл шайлануучу коллегиялуу орган) аткарат. Президиумду төрага башкарып, ал ар бир 8 айда алмашылат. Президиум тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт, элчилерди дайындайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы Парламенттик Ассамблея (Элдер палатасынан жана Өкүлдөр палатасынан турат). Аткаруу бийлигин Министрлер Совети жүзөгө ашырат. Министрлер Советинин төрагасын Өкүлдөр палатасынын макулдугу менен Босния жана Герцеговинанын Президиуму дайындайт. Саясий партиялары: Демократиялык аракет. партиясы, Серб демократиялык партиясы, Хорват демократиялык союзу, Босния жана Герцеговина социалдык-демократиялык партиясы. Аймагынын 90%и тоолуу, басымдуу бөлүгүн Динара тайпак тоосу ээлейт, түштүк-чыгышы өлкөнүн эң бийик жери 2386 м, Маглич тоосу. Карст формасындагы рельеф кеңири тараган акиташ тектүү аска, үңкүрлөр, жер астындагы суулар. Сава дарыясын бойлой түздүк созулса, түшгүккө карай жапыз тоолор жана тоо аралык ойдуңдар өтөт. Климаты ички аймактарында мелүүн континенттик, жээктеринде жерортолук деңиздик, субтропиктик, тоолору салкын, нымдуу. Июлдун орточо температурасы 19-21°С, январдыкы -2... -4°С. Жылдык жаан-чачыны 800-1000 мм, тоолорунда1500-1800 мм. Тоодон аккан суулардын энергетикалык потенциалы зор. Отузга жакын суусактагыч курулган. Негизги дарыялары Сава, Врбас, Неретва, Босна, Уна. Кенбайлыктары: күрөңкөмүр, лигнит, темир, боксит, сымап, марганец, барит, таштуз, жаратылыштагы курулуш материалдары бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жерортолук деңиздик бадалдар, жазы жана ийне жалбырактуу токой өсөт. Босния жана Герцеговинада жалпы аянты 25,05 миң га болгон 5 коргоого алынган табигый аймак, анын ичинде Сутьеска жана Козара улуттук парктары бар. Негизинен бошняктар (38-52,5%), сербдер (21,5-30%), хорваттар (12-17%) жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 87,1 киши (2005). Ислам (40%) жана христиан диндерин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники -70,1, аялдарыныкы 75,8 жаш. Шаар калкы 43% (2003). Ири шаарлары: Сараево, Баня-Лука, Зеница, Тузла. 1991-92-ж. аскердик чыр-чатактарга байланыштуу экономикасы кескин төмөндөп кеткен, азыркы мезгилде кыйынчылык менен калыбына келүүдө. Улуттук кирешеде айыл чарба 11,9%, өнөржай 25,3%ти түзөт. Жыгаччылык, металлургия, химия, тамак-аш, текстиль өнөржайлары бар. 2004-ж. 11678 млн кВт EJ электр энергиясы өндүрүлгөн. Энергиянын 1/эин Неретва, Врбас, Требишница дарыясындагы ири ГЭСтер өндүрөт. Кара жана түстүү металлургиянын ишканалары чет өлкөлүк капиталдын жардамы менен кайра курулууда. Темир, марганец, коргошун менен цинк, боксит казып алынууда. Өнөржайынын негизги тармагы транспорттук машина куруу, негизинен автомобиль кыймылдаткычын, агрегатын жана башкаларды жасоого адистешкен. Айыл чарбасында дан эгиндери, тамеки, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Айыл чарба жарактуу 2 млн га жери бар. Негизги айдоо жерлери дарыя өрөөндөрүндө, ириси Сава дарыясынын өрөөнүндө, өлкөнүн түндүк жагында кант кызылчасы, соя, күнкарама өстүрүлөт. Андан башка жүгөрү, буудай, арпа, сулу да бар. Айыл чарба продуктуларын жана химия өнөржайынын продукциясын, темир, жыгачты экспорттойт. Сырттан машина жана машина жабдууларын алат. Автомобиль жолунун узундугу 22,6 миң км (2004), темиржолунун уз. 1031 км. Сава дарыясында кеме жүрөт. Негизги порттору: Добой, Босански-Шамац, Босански-Брод жана башкалар. Негизги соода шериктери: КМШ жана Чыгыш Европа өлкөлөрү.

тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Босния жана Герцоговинанын аймагында палеолит мезгилинде эле иллирийликтер жашаган. Б. з.1-кылымда өлкөнү римдиктер каратып, аймак Рим империясынын курамына кошулат (Далмация, Жогорку жана Төмөнкү Паннония провинциясы). 5-кылымда өлкө остготтор тарабынан басылып алынган, ал эми 535-ж. Византия империясынын курамына кирген. 6-7-кылымда бул аймакка славян уруулары отурукташа баштаган. 12-кылымда Босния княздыгы (14-кылымдан королдук, анын курамына Герцеговина да кирген) түзүлгөн. Ири төбөлдөрдүн ичара күрөшүнүн жүрүшүндө, 1448-ж. Босния королдугунун түштүк бөлүгүнүн башкаруучусу Степан Вукчич өзүн герцог деп жарыялап, анын ээликтери Герцеговина деп аталат. 1463-ж. Босния, 1482-ж. Герцеговина Осмон султандыгы тарабынан каратылып, Босния пашалыгы түзүлгөн. 1583-ж. Төбөлдөрүнүн басымдуу бөлүгү жана калктын бир бөлүгү ислам динин кабыл алган. 1875-78-ж. түрктөргө каршы ГерцеговинаБосния көтөрүлүшү болуп өткөн. 1878-ж. Берлин конгрессинин чечими менен Босния жана Герцоговина Австрия-Венгриянын башкаруусуна өткөн. 1908-ж. Австрия-Венгрия өлкөнү аннекциялап алган. 1914-ж. Сараеводо австриялык тактын мураскери эрцгерцог Франц-Фердинанддын «Жаш Босния» уюмунун мүчөсү Г. Принцип тарабынан өлтүрүлүшү 1-дүйнөлүк согуштун башталышына алып келген. 1918-ж. Б. жана Г. Сербдердин, хорваттардын жана словендердин королдугунун (1929-жылдан Югославия) курамына кирет. 1941-ж. өлкө фашисттик аскерлер тарабынан оккупацияланып, «Көзкаранды эмес Хорватия мамлекетинин» курамына кирген. Югославия оккупанттардан бошотулгандан кийин, 1945-ж. Босния жана Герцоговина Югославия Элдик Федерациялык Республикасынын, 1963-жылдан Югославия Социалдык Федеративдүү Республиканын курамына кирген. 1990-ж. 18-ноябрда Босния жана Герцеговинада биринчи жолу көп партиялуу шайлоо болуп өткөн. Анын жүрүшүндө мусулман, хорват жана сербдердин бириккен партиясы жеңишке жетишип, коалициялык өкмөт түзүлгөн. Бирок көп өтпөй, Босния жана Герцеговинада улуттук араздашуулар күч алып, натыйжада, республиканын калкы мусулман, серб, хорват болуп үчкө бөлүнүп, ич ара тирешүүлөр башталган. 1991-ж. 15-октябрда Босния жана Герцеговинанын көзкаранды эместигинин декларациясы кабыл алынган. 1991-ж. күзүндө кырдаал татаалдашып, бошняктардын, сербдердин жана хорваттардын ортосунда жарандык согуш башталган. Улуттук жаңжалды жөнгө салуу үчүн өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген. 1995-ж. 1-ноябрда АКШнын Дейтон шаарына жакын РайтПатерсон аскердик базасында босниялык жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган. Ага президенттер С. Милошевич (Сербия), Ф. Тужман (Хорватия) жана А. Изетбегович (Босния) жана АКШдан Р. Холбрук, Россиядан С. Иванов жана Европа Союзунан К. Бильдт катышкан. Анын жыйынтыгында Босниянын аймагында тең укуктуу мамлекеттик түзүлүштөр Серб Республикасы (49%) жана Босния жана Герцеговина Федерациясы (51%) түзүлгөн. 1995-ж. 14-декабрда Парижде Дейтон тынчтык келишимине кол коюлган. 2000-жылдын ортосунда А. Изетбегович Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрагалыгы кызматын өткөрүп, пенсияга кеткен. Анын ордун ротация эрежеси боюнча серб өкүлү Ж. Радишич ээлеген. 2000-ж. ноябрда кезектеги шайлоо болуп өтүп, парламентке болгон шайлоодо Серб демократиялык партиясы жеңип чыккан. Сараеводо согушка чейин бир нече архитектуралык эстеликтер (мечиттер менен храмдар) сакталган, согуш мезгилинде көбү талкаланган. Баня-Лука шаарынын аймагында рим форту жана рим мончолорунун калдыктары сакталган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]