Босогоакташ, тоо

Википедия дан

Босогоакташ, тооФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Карабел, Кулун жана Тар сууларынын алабында кеңдик багытта жатат. Узундугу 20 км, туурасы 6–7 км, Орточо бийиктиги 3300 м, эң бийик жери 3983 м. Кыры аскалуу, туш тарапка тармактанып кетет. Капталдары майда кокту-колоттуу, тик. Этек бөлүгү шагылдуу. Кургак талаа (2400 мге чейин), талаа жана бадал аралаш шалбаалуу талаа (2400–2900 м), субальп жана альп шалбаалуу талаасы (2900–3400 м) жана нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]