Бостери жарым аралы

Википедия дан

Бостери жарым аралы Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде. Сөгөттү жана Четкидолоноту сууларынын аллювий-пролювий шиленди конустары кошулуп жарым аралды түзөт. Үч бурчтук сымал формада, туурасы 5,5 км. Көлгө 2,1 км кирип турат. Чыгыш учунда, Кессеңир тоосунун маңдайында Бостери колтугу жайгашкан. Тумшугу 1 км аралыкка чейин күдүрлүү келип, буйткалар көп кездешет. Азыркы тектирлерди кумдуу жээк жалчалары жана алардын аралыгындагы лагуналуу кургак оёңчолор түзөт. Жарым аралдын эки капталына тең суу астындагы жана үстүндөгү кум жана конгломерат жалчалары мүнөздүү. Жээктери кумдук, койташ, шагылдуу. Суу астындагы уландысы 2 км ге (20 м тереңдикте) чейин созулат. Бостери жарым аралы Ысык-Көлдөгү ири курорттуу жайлардын бири. Алтынкум жээктери, жер астынан чыккан жылуу суусу, деңиздик климаты эс алууга ыңгайлуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]