Ботаалы баатыр

Википедия дан

Ботаалы, Назар уулу (туулган жылы белгисиз – болжол менен 1880–90-жылдары азыркы Кочкор өрөөнүндө кайтыш болгон) – сарыбагыш уруусунан чыккан баатыр. Ата-теги боюнча төмөндөн жогору карай; Назардын атасы Эсенгул баатыр, анын атасы Болот бий, Анын атасы Маматкул бий, анын атасы Үчүкө баатыр, анын атасы Сарысейит бий, анын атасы Сүтөй, анын атасы Манап бий, анын атасы Дөөлөсбакты, анын атасы Кылжыр (Сарыбагыш), анын атасы Тагай бий болуп эсептелет. 1846–47-ж. казактардын акыркы ханы Кенесары Касымов кыргыздарга кол салган учурдан баштап эл оозуна алынган. 1842-ж. жайында түндүк кыргыздары Орто-Токойго (айрым маалыматта азыркы Балыкчы шаарына жакын Кызыл-Токой) курултайга жыйылып, Ормон Ниязбек уулун хан көтөрүүдө көрүнүктүү роль ойногон. Бирок, борборлошкон бийликтин али калыптана электигине байланыштуу кыргыздын уруу башчыларына Ормон ханды толук колдоого алган эмес. Алардын ичинен өзгөчө бугу уруусунун манабы Боромбай Меңмурат уулу бул урууну бөлүп кетүүгө аракет кылып, орус өкмөтүнүн кол алдына өтүүгө ниеттенип, 1844-жылдан өз атынан кат жолдой баштаган. Андан алгылыктуу тыянак чыкпагандан кийин, 1850-ж. жай айында кытай-цин бийлиги тарабынан жиберилген «кызыл чок» (орусча «красный шарик») жана жылына он жамбы (ал кездеги орус акчасы менен миң сом) сыйлык алып, Кытай императорунун кол алдына өтүүгө макул болгон. Көп узабай,1855-ж. январда, Омск шаарында Боромбайдын өкүлдөрү Качыбек Шераалы уулу менен Жакыпбек Ниязбек уулунун орус букаралыгына өткөндүгү тууралуу ант беришине байланыштуу кыргыздардын ичиндеги саясий кырдаал өтө курчуп кеткен. Ошол эле жылы апрелдин аягы, май айынын баш ченинде Боромбайды капысынан колго түшүрүү үчүн чакан аскер менен аттанып келген Ормон хан Кутургунун белинен бугу уруусунун колуна туш келген. Ал жерден чабыш чыгып, алган жаратынан улам Ормон хан каза болгон. Мындан кийин эки уруунун элчилери жолугуп, байыркыдан келе жаткан салт боюнча Ормон хандын кунун кайтаруу, күнөөлүлөрдү (бугудан Боромбай, Балбай, Ныша, Мурза; саяктан Алыбек) кармап берүү тууралуу маселе каралган. Бирок ал маселе чечилбей, сарыбагыштар менен бугулардын ортосунда чоң чабыш чыгып, алгачкы салгылашууда Ныша, Мурзалардын башы алынган. Алыбекти кармап келүү Ботаалы баатырга тапшырылган. Ботаалы баатыр жанына Базаркул уулунан Сатылган менен Мамедил жана саяктан Чоткараны алып, Алыбектин сыртынан аңдып жүрүп, ал айылы менен журт которуп, жаңы конуштан орун алып жаткан кезде колго түшүргөн. Алыбек кармалып, башы алынгандан кийин, сарыбагыш-бугу уруулары «өткөн өттү-кеткен кетти» деп, ынтымакка келип, жарашышкан. Жарашканыбыз ушул болсун деп, Чыныбай Тилекмат уулу бир кызын Ботаалынын баласына берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жусуп Мамай. Тилекматтын баяны. //Кыргыздар. Түз. К. Жусупов. Б., 1996.
  • Солтоноев Б. Кызыл Кыргыз тарыхы. 2 том. Б., 1993.