Ботбаева Уултай Казакбаевна

Википедия дан

Ботбаева Уултай Казакбаевна (1914, Акчий - Карасуу айылы - 1989, Бишкек) - Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими.

  • 1936-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (алгачкы жогорку билимдүү кыргыз кыздарынын бири).
  • 1932-33-ж. Суусамырда жайлоо совети тарабынан уюшулган башталгыч мектепте, ликбездерде мугалим болуп иштеген.
  • 1932-38-ж. Бишкек шаарындагы орто мектепте мугалим,
  • 1936-41-ж. педагогикалык окуу жайында жана мугалимдер институтунда окутуучу,
  • 1941-45-ж. Токтогул районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте мугалим, директор,
  • 1945-50-ж. Бишкектеги педагогикалык окуу жайында окуу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1950-79-ж. В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда кыргыз тили жана адабияты кафедрасында улук окутуучу болуп иштеген. Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5