Мазмунга өтүү

Ботбаев Ильяс Махмудович

Википедия дан

Ботбаев Ильяс Махмудович (1931, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кара-Суу кыштагы) – айыл чарба илимдеринин доктору (1985), профессор (1990), Россия айыл чарба академиясынын корреспондент мүчөсү (1991), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (1993), академиги (1997). СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1991), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1995). 1953-ж. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүп, Токтогул райондук айыл чарба бөлүмүндө башкы зоотехник, ошол эле жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Зоология жана паразитология институтунда илимий кызматкер. 1978-жылдан Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмесинин генералдык директору. 1986–88-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик агрардык өнөр жай комитетинде илим жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү жана пропагандалоо башкармасынын башчысы. 1988-жылдан Кыргыз мал чарба илимий-изилдөө институтунда бөлүм башчы, директордун орунбасары, башкы илимий кызматкер. Алай коюнун жана Кыргыз уяң жүндүү коюнун ондон ашык заводдук линиясынын жана 300дөн ашуун илимий эмгектин автору. Анын жетекчилиги менен Ысык-Көл мериносу, кыргыз эчкисинин жаңы породалары чыгарылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Эмгектери: Алайская порода овец и её селекция. Ф., 1992. Выведение уникальной алайской породы полугрубошерстных овец. Б., 1998.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]