Боткин оорусу

Википедия дан

Боткин оорусу, жугуштуу сарык - вирус микробунун таасиринен пайда болуучу жугуштуу боор оорусу.

1888-ж. С П. Боткин бул оорунун жугуштуу экенин айткан. Боткин оорусу - көп таралган оорулардын бири. Бул ооруга бардык жаштагы адамдар, көбүнчө балдар чалдыгат. Оорунун пайда болушуна тазалыктын жоктугу, өздүк гигиенаны сактабоо жана элдин жыштыгы себеп болот. Боткин оорусун жугузчу булак - оорулуу адам. Анын бөлүп чыгарган микробдору айлана-чөйрөнү (суу, тамак-аш, буюмдар, кол) булгайт. Вирустар соо адамдын организмине негизинен тамак-аш, теринин сыйрылган жери аркылуу түздөн-түз канга жана начар зыянсыздандырылган шприц менен ийне сайганда, айрыкча Боткин оорусу менен ооруган донорлордон алынган канды же плазманы куйганда жана аба аркылуу жугушу мүмкүн. Оорунун инкубациялык мезгили 3-4 жума, кээде 11 айга чейин созулат. Оору кишинин тамак ичкиси келбей, алы кетет, заарасы саргарат, кээде ичи ооруйт, чыйрыгып, эти ысыйт. Кары кишилердин муундары сыздайт. Оору күчөп турган мезгилде көздүн агы, териси саргарып, боор жана көк боор чоңоёт. Ооруган адам ооруканада бир айга жакын дарыланат. Диетаны сактап, витаминдүү, углевод, белок заттарга бай тамак-аш жеп, суусунду (жемиш ширеси, глюкоза, бал кошулган суу) көп ичүү талапка ылайык. Куурулган жана туздуу тамак, ичкилик ичүүгө болбойт. Оору катуулаганда, венага глюкозанын эритмесин, кан, плазма куюу зарыл. Өттүн сезгениши байкалган учурда гана антибиотиктер берилет. Ооруп айыккан адам 6 айга чейин диспансердин байкоодо жүрөт. Боткин оорусунун алдын алууда ооруп калган кишини эрте ооруканага алып, балдар коллективин 50 күнгө чейин карантинге жабуу, турак жайда дезинфекция жүргүзүү, ич кийим, сүлгү, шейшепти, идиш-аяктарды кайнатуу, медицина аспаптарды жана шприцтерди көпкө стерилдөө керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.