Ботобай

Википедия дан


Ботобай (1861–1944) – акын. Ал Кыргызстандын түштүк өрөөнүнө, Өзбекстандын көп жерине таанымал болгон. Орозаалы аттуу чоң акындын шакирти. Айрым кабарчылар Жунус атап, уруусун паракенде дешкен. Бирок, 1971-ж. акындын санатын айтып берген кабарчынын да Ботобай Жунус уулу аталышы кандайдыр бир чаташуу барбы деген ойго алып келет.


Ботобай 1861-ж. Өзбекстандын Кожо-Абад районуна караштуу Каныя-Бостон деген кыштакта кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Айрым маалыматтарга караганда, акын өмүрүнүн алгачкы кезеңинде Өзбекстандан чыккан корбашыларга ырчылык кылып жүрөт. Кийин иштин түпкүлүгүн түшүнүп, алардан четтеп, куугунтукка алынат. Б-дын көп жылдар бою оозго алынбай, чыг-лыгы иликтөөгө кирбей калышы да ушуга байланышкан. Антпесе ал деле өз мезгилинде көп жерлерди кыдырып, Өзбекстанда өткөн тойго атайылап чакыртып келише турган чоң акын болот. Өзүнө шакирт күтүп, ырчылыктын жөн-жайын үйрөткөн. Буга Сыдык Алайчиевдин чыгармачылык өмүр жолу ачык далил. Жашында ата-энеден жетим калган Сыдыктын акындык шыгы бардыгын бир тойдо байкап, ат мингизип, тон кийгизип, өзүнө шакирт кылып алып жүрөт. Төрт жыл өткөндөн кийин батасын берип, топко түшүрөт.

Ботобай 1936-ж. республиканын борборунда өткөн олимпиадага катышкан. 1937-ж. анын “Күлүк аттын сыны”, “Терме”, “Сүйүү”, “Ленин тууралуу ырлар” деген чыгармалары жазып алынган. Алар борбордун фондуна сакталууда. Ботобайдын чыгармаларынын элдик поэзия менен болгон карым-катышы, акындын ага таасирленүүсү, “Күлүк аттын сыны” аттуу ырынан ачык эле байкалат. Муну аттын сын-сыпатын берүүдө “семиргени сүмбөдөй”, кашка тиши кадоодой”, “кулун жүрүп тай болгон, кунанында шай болгон” сыяктуу эпостогу салттуу формулалардын колдонулушу айкындап турат.

Аягына чейин сыпаттап, санап айтуу улана берет. Ушундай ыкма менен өзүнүн ички сезимин, көңүл толгоосун билдирип, ыр мактоого жакындашып кетет. Түштүк акындарынын сүйүү темасындагы ырларында көбүнесе, түз мүнөздөмө берилип, ыр курулушунда түндүктө айтылышындагыдай өзгөчөлөнүп, же шарттуу түрдө киришүүнүн милдетин аткарган ыр саптары орун албайт. Ботобайдын сүйүү ырлары жогорку ойду ырастап турат.

Ботобайдын санаттары акындын чыгармачыл өнөрканасынын фольклордук жана салттуу ырчылар поэзиясынын нугунда калыптанган. Бирок, акындын санаттарында жогоркудай массалык ыр түрмөктөрүнүн орун алышы анын жекечилигин жокко чыгарбайт. Ал турмуштун ар тарабына ой жүгүртүп, оригиналдуу ыр түрмөктөрүн да ичине камтыйт.

Ботобай өзгөрүштөн кийин Совет өкмөтү, Ленин жөнүндө ырдап жүрсө да, бизге өтө чакан материал келип жетти. Революциядан кийин чыгарган ырларынын чама-чаркына караганда кантсе да анын чыгармачылыгынын гүлдөгөн мезгили көңтөрүштөн мурунку учур болгондугу көрүнөт. Акындын ырларын иликтөө иши 70-жылдан кийин гана колго алынгандыктан, материалдын чакандыгына байланыштуу чоң акын жөнүндө чоң сөз айтуу мүмкүн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3