Сандро Боттичелли

Википедия дан
Боттичелли Сандро‎»‎ барагынан багытталды)

Боттичелли Сандро (чын аты-жөнү – Алессандро ди Мариано Филипепи) (1445-ж.ч., Флоренция – 17.5. 1510, ошол эле жер) – италиялык сүрөтчү. Алгачкы Кайра жаралуу доорунун өкүлү, Флоренция мектебинин ири живописчилеринен. Боттичеллинин алгачкы чыгармасы «Сыйкырчылардын сыйынышы» (1475–78, Флоренция, Уффици гал.). Айрым чыгармаларында («Күч», 1470, Флоренциядагы Уффици галереясы; «Ыйык Себастьян», 1474, Берлин-Далемдеги сүрөт галереясы) сүрөтчүлөр А. Верроккью менен А. Поллайолонун таасири ачык байкалат. Диний жана мифологиялык темадагы чыгармалары («Жаз», 1477–78; «Венеранын төрөлүшү», 1484-жылдар чен – 85) жандуу поэзиясы жана кылдат колорити менен айырмаланат. Портретчи катары Боттичелли курч мүнөз түзүүнүн, адамдын ички сезимдерин айкын ачуунун чебери. 15-кылымдагы Италия искусствосунун эң сонун салттарына каныккан Ботичеллнин чыгармачылыгы ошол мезгилдеги Флоренциянын рухий турмушундагы карама-каршылыкты терең чагылдырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]