Ботулизм (малда)

Википедия дан

Ботулизм (малда) – жаныбарлардын массалык түрдө уулануусу. Көбүнчө жылдын жылуу мезгилинде, мал жайытта багылган учурда байкалат. Ылаң өтө курч өткөндө жылкы жана бодо мал эч бир клиникалык белгисиз эле мүрт өлөт. Кээде гана ылаңдаган мал эстен танган абалда жатып жан берет. Мал сейрек айыгат. Малдын ичинен көбүнчө жылкы, ал эми чочко сейрек ылаңдайт. Дарылоодо ууланган малдын ичеги-карынын тамакка пайдалануучу соданын эритмеси менен жууп, чычкактатуучу күчтүү дарылар колдонулат, жылуу клизма жасалат, физиологиялык эритме, глюкоза жана кофеин куят, оозун калий перманганаты менен чайкайт. Ылаң жаңы башталганда венасына курамында ботулизмге каршы анатоксиндүү кан сарысуусун көп өлчөмдө куюу жакшы натыйжа берет (жылкыга 600–900 мл).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]