Бошкоев, Жоомарт

Википедия дан

Бошкоев Жоомарт (1949-ж. т., Талас ш.) — генерал-майор (1993).

1970-ж. Ташкендеги В. И. Ленин атындагы Жогорку жалпы аскердик окуу жайын, 1975-ж. Новосибирск шаарында СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер контрчалгынынын жогорку курсун, 1981-ж. СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ташкен шаарындагы Ф. Э. Дзержинский атындагы Жогорку мектебинин чыгыш тилдерин үйрөнүү боюнча атайын курсун, 1985-ж. СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Москвадагы институтунун чалгынчылардын жетекчи жана оперативдүү составынын квалификациясын жогорулатуучу факультетин бүтургөн.
Бошкоев 1970-жылдан Орто Азия аскер округунда кызмат өтөй баштаган, адегенде М. В. Фрунзе атындагы 282-гвардия полкунда моторлошкон аткычтар взводунун, анан ротанын командири.
1975—80-ж. СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Өзгөчө бөлүмүнүн Кызыл Туулуу Орто Азия аскер округунун 8-гвардиялык моторлошкон аткычтар дивизиясы боюнча оперативдүү укуктуу, улук оперативдүү укуктуу екүлү, 1981—84-ж.Афганстан Республикасынын коопсуздук органдарында кызмат етөгөн. 1984—85-ж. кайрадан СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин өзгөчө бөлүмүнүн Орто Азия аскер округу боюнча улук оперативдүү өкүлү.
1985-жылдан Кыргыз Республикасында кызмат өтөй баштаган.
1985—90-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук комитетинде улук оперативдүү өкүл, Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмдүн начальниги, топтун улук оперативдүү өкүлү, 1990—91-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук комитетинин кадрлар бөлүмүнүн улук оперативдүү өкүлү.
1991—92-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук комитетинде күзөт бөлүмүнүн начальниги, 1992-ж. февралдан Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы күзөт башкармасынын начальниги.
Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.