Михаил Боярский

Википедия дан
Боярский, Михаил Сергеевич‎»‎ барагынан багытталды)
Михаил Боярский
Боярский Михаил Сергеевич
Туулган датасы:

26 -декабрь 1949(1949-12-26) (74 жаш)

Туулган жери:

Ленинград, РСФСР, СССР (Орусия)

Жарандыгы:

 Орусия

Кесиби:

актёр

Карьерасы:

1973 — азыркы учурда

IMDb:

ID 0101614

Михаил Сергеевич Боярский (26-декабрь 1949-жыл, Ленинград) – Советтик жана Орусиялык актёр, музыкант, ырчы, композитор.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Михаил Боярский 1949-жылы 26-декабрда Орусиянын Ленинград шаарында актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. 1972-жылы Фёдор Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде театрдагы дебюттук ролун аткарган. Ал эми актёрлук карьерасын 1974-жылы "Көпүрөлөр" тасмасынан баштап, 1978-жылы "Д’Артаньян жана үч мушкетёр" тасмасына тартылып, жылдызы жанган. Михаил Боярский Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлык, наамдарга ээ болуп, 1984-жылы "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" наамына арзыса, 1990-жылы "Эл артисти" наамын алган. "Трубадур жана анын достору" мюзиклинде башкы ролду аткаргандан кийин көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болуп, актриса Лариса Луппианга үйлөнгөн. Экөө Елизавета аттуу кыздуу болуп, ал дагы кийин актрисалык кесипти тандап алган. Актёр мындан тышкары "Кар ханышасы", "Станция", "Адамдар жана дилгирленүү" жана "Дульсинея Тобосская" спектаклдеринде роль жараткан.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёрдун тартылган тасмаларындагы ырларды ал өзү ырдаган. Анын 21-кылымда тартылган тасмалары болуп

  • "Жаңы бремендиктер" (2000)
  • "Акмак" (2003),
  • "Тарас Бульба" (2008),
  • "Мушкетёрлордун кайтып келүүсү" (2008),
  • "Капуциндердин бульварындагы киши" (2009),
  • "Пётр I. Мурас" (2011),
  • "Шерлок Холмс" (2013),
  • "Эң мыкты күн" (2015) .

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]