Боёо

Википедия дан

Боёо
1) колөнөрчүлүктө жүн, кийиз, тери жана жыгачка түрдүү түс берүү. Боёлуучу буюм менен боёктун сапатына, касиетине жараша бойонун түрдүү ыкмалары колдонулат. Чеберлер кийиз оюмдарын, сайма, килем, таар, чий көчөттөрүн, түймө чачыктарын, тери буюмдарын жана башкаларды жасоодо буюмду кызыл, жашыл, көк, кара түстөгү боёкторго боёп, кооздуктарды жаратышат. Ар кандай буюмду боёнун ыгын билген боёкчу табигый боёкторду (ышкын түп, чие, тоо талы, шилби, бөрү карагат, алманын күзгү жалбырагы, чөөл чүкүрү, анардын кабыгы, жошо жана башкалар) пайдаланат. Мисалы, ышкын түп менен боёо үчүн кеч күздө тоодон казып, кабыгын кырып, кертипкертип кургатып, жыгач сокуга жанчат. Теринин бетин жибитип, ага чыланган ышкын түптү текшилеп жаап, ороп коёт. Боёк бир топ күндө сиңет. Кийиз жана жүн буюмдары чиенин тамырынан жасалган боёктон кызыл түскө, бөрүкарагаттын кургатылган тамырынан сары түскө боёлсо, жошо боз үйдүн жыгачтарын боёгонго колдонулат; 2) химиялык жол менен текстиль материалдары, кагаз, тери жана пластмассаларга түс берүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]