Брабансон

Википедия дан

Брабансон - жылкынын жүкчүл породасы ("бельгия басынтуу аты" деген ат менен белгилүү).

Ал жергиликтүү жылкынын тукумун жакшыртуу жолу менен 18-кылымда Бельгияда чыгарылган. Брабансондун башы чоң, мукур моюн, буту кыска, кайкы бел, соорусу жайык, жоош. Өңү карагер, тору, жээрде, буурул, кээде кула болот. Бийиктиги 160-167 см, тулкусунун уз. 174-176, көкүрөк курчай 200-215 см. Брабансон тез жетилип, кунан чагынан жумушка чегилет. Жем-чөптү ылгап жейт. Брабансон Бельгия, Нидерланддар, Италия, АКШ ж. б. өлкөлөрдө асыралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.