Брахисинклиналь

Википедия дан
Брахиантиклиналь‎»‎ барагынан багытталды)

Брахисинклиналь (гр. brachys - кыска жана синклиналь) - тоо тек катмарларынын синклиналдык кыска бүктөлүүсү.

Брахисинклиналды түзүүчү тоо тек катмарлары анын чет жагынан борбордук бөлүгүнө карай жантайыңкы жатат. Брахисинклиналь планда эллипс сыяктуу сүйрү тегерек келип, анын борбордук бөлүгүндө кийин пайда болгон, ал эми чет жактарында андан мурунку тоо тектер жайгашат. Брахисинклиналдын туурасынын узунуна болгой катышы 1:10-1:3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.