Бриан-Келлог пактысы,

Википедия дан

Бриан-Келлог пактысы, – Париж пактысы 1928-ж. 27-августта Парижде 15 мамлекет (Франция, АКШ, Германия, Улуу Британия, Япония жана башка) тарабынан кол коюлган жана 1929-ж. 24-июлунда күчүнө кирген. Сунуштун демилгечилери Франциянын тышкы иштер министри А. Бриан жана АКШнын мамлекеттик катчысы Ф. Келлогдун ысымдарынан аталган. Анда улуттук саясатты жүргүзүүнүн куралы катары согушту пайдалануудан баш тартуу макулдашылган. Кийинчерээк пактыга дагы 48 мамлекет кол койгон. Бриан-Келлог пактысы эл аралык укуктун өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]