Бриллюэн зонасы
Көрүнүш
Бриллюэн зонасы – тескери торчонун мейкиндигинде атайын эреже менен курулат.
Катуу нерселердин квазибөлүкчөлөрүнүн абалдарынын квазиимпульстары бири биринен тескери торчонун котормо векторуна (трансляция векторуна) гана айырмалангандыктан бири бирине эквиваленттүү. Бриллюэн зонасы квазиимпульстар мейкиндигинде өлчөмдөрү эквиваленттүү эмес квазиимпульстарды өзүнө камтыйт.
Бриллюэн зонасынын түзүлүшү кристаллдын түзүлүшүнө көзкаранды, ал эми кристаллды түзгөн бөлүкчөлөрдүн түрүнө жа алардын ортосундагы өз ара аракеттерге көзкаранды эмес.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0