Бристоль Университети
Бристоль Университети (англ. University of Bristol; Брис деп кыскартылып, ал эми пост-номиналдык каттарда Бристоль Университети деп аталат) - Улуу Британиянын Бристоль шаарында жайгашкан. Ал кызыл кыштан жасалган, изилдөө университети болуп саналат. Ал 1909-жылы өзүнүн падыша хартиясын кабыл алган , ал эми анын мурдагы мекемеси - Университеттик колледж, Бристоль, 1876-жылдан бери иштеп келген.
Бристоль алты академиялык факультеттен турат. Алар бир нече мектептерди жана бөлүмдөрдү камтыйт, жана ошондой эле аларда 200дөн ашуун бакалавр программалары бар, алар болсо Тиндаллс парк жакта жайгашышкан. 2015/16-жылдары университеттин жалпы кирешеси £ 565.8 миллион түзгөн, анын £ 146.2 млн илимий-изилдөө гранттардан жана контракттардан келген. Бристоль ири көз карандысыз иш берүүчү жай болуп саналат.
Азыркы учурдагы окутуучулар арасында 21 Медицина илимдер академиясынын, 13 Британиянын академиясынын, 13 Падышалык инженерия академиясынын жана 44 Падыша коомунун стипендиаттары бар. Университеттин тарыхында 13 Нобель сыйлыгынын лауреаттарына Пол Дирак, сэр Уильям Рамсей, Сесил Франк Пауэлл, сэр Уинстон Черчильь, Дороти Ходжин, Ханс Альберхт Бете, Макс Дельбрюк, Герхард Герцберг, сэр Невиль, Френсис Мотт, сэр Пол Нерс, Гарольд Пинтер, Жан-Мари Густав Ле Клецио жана жакында эле, 2015-жылы экономика боюнча сыйлыкка ээ болгон Ангус Дитон да кирет.
Бристоль университети Британиянын илимий-изилдөөчү Russell тобунун, European-wide Coimbra тобунун жана Дүйнөлүк университеттер тармагынын мүчөсү болуп саналат. Университеттин мурунку вице-канцлери, Эрик Томас, 2005-2007 жылдары Дүйнөлүк университеттер тармагынын төрагасы болуп иштеген. Мындан тышкары, университетте Erasmus уставы бар, аны менен жыл сайын өнөктөш окуу жайларга 500дөн ашуун студенттерди жөнөтүп турат.