Мазмунга өтүү

Британиялык Виргин аралдары

Википедия долбоорунан

Британиялык Виргин аралдары
англ. British Virgin Islands

Герб
Туу Герб
Урааны: «лат. Vigilate (Кыраакы болгула)»
Гимн: «God Save the King»
Расмий тили англис тили
Борбор шаары Род-Таун
Ири шаарлар
Башкаруу формасы Улуу Британиянын ээлиги
Падыша
Губернатор
Премьер-министр
Чарльз III
Жон Ранки
Эндрю Фэхи
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.

153 км²
1,6
Калкы
• Бааланган (2019)
Жыштыгы

30 030 адам (222-орун)
260 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2017)
  • Ар бир жанга

500 млн $
34 200 $
Акча бирдиги АКШ доллары
Домени .vg
ISO коду VG
ЭОК коду IVB
Телефон коду +1-284
Убакыт аралыгы UTC −04:00

Британиялык Виргин аралдары (англ. British Virgin Islands (BVI)), расмий аталышы Виргин аралдары (англ. Virgin Islands)[1]Кариб деңизинин түндүк-чыгышындагы Виргин аралдары архипелагынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Британиянын деңиздин ары жагындагы көз каранды аймагы.

Жалпы аянты — 153,4 км², курамына 60тай аралдарды камтыйт (анын ичинде 20га жакыны ээн аралдар). Ири аралдары — Тортола (аянты 59,2 км², калкы 18 миң адам), Анегада (38,6 км²), Виргин-Горда (21,2 км²).

Административдик борбору — Род-Таун шаары.

Расмий тили — англис тили. Акча бирдиги — АКШ доллары.

Бул аймактагы алгачкы белгилүү адамдардын отурукташуусу болжол менен б.з.ч. 100-жылы Түштүк Америкадан келген аравак уруулары тарабынан болгон. Вернон Пикеринг бул датаны б.з. 200-жылдары деп эсептейт жана аравактарга чейин сибонейлер бул аралдарда жашашы мүмкүн деп божомолдойт. Алар Сент-Томас аралына б.з.ч. 300-жылы отурукташкан. Аралдарда байыркы индейлердин убактылуу отурукташуусу туралуу айрым далилдери бар. Кээ бир окумуштуулар индейлер бул аралдарга б.з.ч. 1500-жылдары балык уулоо же аңчылык максатында келишип, убактылуу түзүлгөн жайларда жашашкан деп эсептешет. Бирок азыркы Британиялык Виргин аралдарында ошол мезгилде туруктуу жашаган эл болгон деген пикирди академиялык коомчулук кеңири колдобойт[2][3].

Аравактар аралдарда XV кылымга чейин жашашкан, андан кийин Кичи Антиль аралдарынан келген агрессивдүү калиного же карибдер тарабынан аралдардан чыгарылышкан[3].

Кийинчерээк Виргин аралдарына келген европалыктар азыркы Британиялык Виргин аралдарында индейлерди кезиктиришкен эмес. Бирок Христофор Колумб Санта-Крус аралына барганда карибдердин кол салуусуна туш болгон[3].

Бул аймактын алгачкы тургундары тууралуу маалымат аз болгондуктан, алардын жашоо образы жөнүндө так түшүнүк алуу кыйын. Ошентсе да археологиялык табылгалар бул жерлерде негизинен аравактар жашаганын көрсөтөт. Алардын керамикалык идиш-аяктары эң көп табылган жерлер Тортоланын түндүк-батышындагы Белмонт жана Смагглерс Ков аймактары болуп саналат[2].

1493-жылы Христофор Колумб өзүнүн экинчи деңиз сапарында Виргин аралдарын байкап, көптөгөн аралдарды картага түшүргөн. Ал бул аралдар тобун «Лас Виргин» («Бийкечтер») деп атап, бул аталышты Ыйык Урсула жана анын 11 000 жолдоочусу болгон кыздарга арнаганы айтылып жүрөт.

Испандыктар бул аралдарда узак убакыт бою туруктуу жашабаган, бирок кээде талап-тоноо же кулчулук максатында келип турушкан. Алар жергиликтүү аравак жана кариб калктарын кул кылып, бул аймакта колониялык башкаруунун алгачкы белгилерин түзө баштаган. XVI кылымдан тарта бул аралдар деңиз каракчылары, мыйзамсыз соодагерлер жана баскынчылар үчүн коопсуз жашырына турган жай болуп калган.

1666-жылы британиялык плантаторлор жана мурдагы деңиз каракчылары Тортолага келип, испандарга каршы туруп, өздөрүнүн отурукташуу жайларын түзүшкөн. 1672-жылы Англия Тортоланы, ал эми 1680-жылы Анегада менен Виргин Горданы расмий түрдө өз ээлигине өткөрүп алган. Алгач бул аралдар Британиянын Левант компаниясы аркылуу башкарылган, кийинчерээк алар жеке менчик плантаторлорго өткөрүлүп берилген[4].

Аймактагы эң маанилүү тарыхый эстеликтердин бири — Тортоладагы Ыйык Филип чиркөөсүнүн урандылары

XVII кылымда бул аралдарда кант камышын өстүрүү кеңири жайылып, башка Кариб колонияларындагыдай эле, бул иш негизинен Африкадан алынып келинген кулдардын эмгегин колдонгон. Кулчулук системасы аралдардын экономикасынын негизи болгон. 1774-жылга карата бул аймакта 6 000ге жакын кул жана болгону 1 000дей гана эркин адам жашачу[4].

1834-жылы Британия империясы кулчулукту расмий түрдө жойгондон кийин кант өндүрүшү кескин төмөндөп, аралдардын экономикасы оор кризиске учураган. Мурдагы кулдар акы төлөнгөн эмгекке өтүү укугуна ээ болушкан, бирок алардын жашоо шарттары өтө начар бойдон калган. Натыйжада аралдар кедейчиликке батып, Британия тараптан дээрлик көңүл бурулбай калган[5].

1872-жылы Британиялык Виргин аралдары Ливард аралдары деп аталган башка Британ колониялары менен чогу башкарылган административдик бирдикке киргизилген. Бул башкаруу 1956-жылы Ливард федерациясы таркатылганга чейин уланган. 1958-жылы Виргин аралдары Батыш Индия федерациясына кошулуу сунушун четке каккан жана өзүнчө корголуучу аймак макамын алган. Акыры, 1960-жылы ал расмий түрдө өз алдынча Британ колониясы катары жарыяланган жана 1967-жылы ички автономия укугуна ээ болгон[6].

Ошол эле 1967-жылы жаңы конституция кабыл алынып, аралдарга ички башкаруу укугу расмий бекитилген. Шайлоолор өткөрүлүп, өкмөт жана мыйзам чыгаруучу кеңеши түзүлгөн. Бирок коргонуу, тышкы саясат жана башка стратегиялык маселелер мурдагыдай эле Британиянын карамагында калган[7].

1970-жылдардын аягында Британ Виргин аралдары оффшордук каржы борбору катары таанылып, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан компаниялар бул жерге каттала баштаган. Салык жеңилдиктери жана каржы купуялуулугу аралдарды бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу жерге айланткан. Бул өзгөрүүлөр экономикалык өсүшкө түрткү берип, аралдардын инфраструктурасы акырындап өнүгө баштаган.

2017-жылы катуу Ирма бороону Британиялык Виргин аралдарына олуттуу зыян келтирген. Бул табигый кырсык көптөгөн имараттарды, жолдорду жана инфраструктураны талкалап, өлкөнүн экономикасына катуу сокку урган. Калыбына келтирүү иштери бир нече жылга созулган.

Британиялык Виргин аралдарынын картасы

Британиялык Виргин аралдары Кариб деңизиндеги тропикалык аралдардын тобун түзөт. Алардын саны 60тай болуп, эң чоңу Тортола — узундугу 20 км, туурасы 5 км. Башка аралдары — эл жашабаган, ээн жана чакан аралчалар. Жалпысынан аралдардын аянты болжол менен 150 км² түзөт. Алар Виргин архипелагына кирип, АКШнын Виргин аралдарынан бир нече чакырым чыгышта жана Пуэрто-Риконун негизги бөлүгүнөн 95 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми түштүк-чыгышында 150 км аралыкта Ангилья аралы орун алган. Аралдардын чыгыш тарабында Түндүк Атлантика океаны, батыш тарабында Кариб деңизи жайгашкан. Көпчүлүк аралдар жанар тоонун активдүүлүгүнөн келип чыккан жана жер кыртышынын тоолуулугу жана адырлуулугу менен мүнөздөлөт. Эң бийик жеринин бийиктиги 521 метрге жетип, ал — Тортолада жайгашкан Сейж тоосу[8].

Аралдардын ичинен Анегада геологиялык жактан айырмаланып турат — ал жалпак арал болуп, акиташ жана маржан тектеринен турат. Британиялык Виргин аралдары Ливард аралдарынын нымдуу токойлору жана кургакчыл бадалдуу экологиялык аймактарына кирет[9]. 2020-жылга карата аралдардын жалпы жер аянтынын болжол менен 24% же 3 620 гектары токой менен капталган[10][11]. 1990-жылы бул көрсөткүч 3 710 гектарды түзгөн[10].

Британиялык Виргин аралдарында тропиктик нымдуу климат өкүм сүрөт. Бул климат түрү жыл бою туруктуу температура жана жогорку нымдуулук менен мүнөздөлөт. Пассат шамалдары климатты жумшартып, ысык аба ырайын жеңил көтөрүүгө шарт түзөт.

Аба ырайынын температурасы жылдын бардык мезгилдеринде чоң өзгөрүүгө дуушар болбойт. Борбору Род-Таунда жай мезгилинде күндүзгү орточо максималдуу абанын температурасы 32°C чамасында, ал эми кышында 29°C тегерегинде болот. Түнкү минималдуу температура жайында орто эсеп менен 26°C, кышында 23°C болушу мүмкүн[12].

Жылдык жаан-чачындын орточо көлөмү 1 150 ммди түзөт. Жаан-чачын негизинен аралдардын тоолуу райондорунда көп жаайт, жээкке жакын аймактарда болсо салыштырмалуу аз болот. Жаан-чачындын көлөмү айрым жылдары олуттуу өзгөрүшү мүмкүн, бирок орто эсеп менен эң жаанчыл мезгил сентябрдан ноябрга чейин, ал эми эң кургакчыл мезгил февраль жана март айларына туура келет[12].

Британиялык Виргин аралдары Кариб деңизиндеги эң туруктуу жана өнүккөн экономикалардын бири болуп эсептелет. Экономиканын негизги тармагы — туризм. Жыл сайын аралдарга негизинен АКШдан келген 800 миңге жакын туристтер келишет. Ошондой эле, акыркы жылдары каржы секторунун мааниси дагы өсүп жатат.

Аралдарда юридикалык жактар үчүн киреше салыгы (корпоративдик салык), физикалык жактар үчүн киреше салыгы, кошумча нарк салыгы жана сатуудан салык алынбайт. Бирок, ар бир коммерциялык компания катталган күнүнө жана чыгарууга уруксат берилген акциялардын максималдуу көлөмүнө жараша жыл сайын белгилүү бир төлөм төлөшү керек[13].

Британиялык Виргин аралдары дүйнөдөгү эң популярдуу оффшордук аймактардын бири болуп саналат, анын ичинде мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттердин ишкерлери үчүн дагы. Учурда бул жерде 650 миңден ашуун компания катталган, бул дүйнөдөгү бардык оффшордук компаниялардын 40% түзөт. Аралдардагы оффшордук ишмердик негизинен 2004-жылы кабыл алынган «Британиялык Виргин аралдарынын коммерциялык компаниялары жөнүндө мыйзамы» менен жөнгө салынат. Аралдардын популярдуулугунун негизги себептери төмөнкүлөр: каттоонун жана тейлөөнүн арзан баасы, директордун резидент болушу боюнча коюлган талаптын жоктугу, уставдык капиталдын минималдуу көлөмүнө формалдуу талаптардын коюлушу, ошондой эле компанияны тез арада же бир күн ичинде каттоо мүмкүнчүлүгү. Мындай бир нече жыл мурун аралдардын негизги артыкчылыктарынын бири — купуялуулук болчу. Бенефициарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жок болгон. Компаниянын ээси тууралуу маалыматтар чектелген адамдарга берилген. Бирок акыркы жылдары бул тартип өзгөрүүдө, аралдардын каржы кызматтары боюнча комиссиясы бенефициар ээси тууралуу маалыматтарды камтыган ачык реестрди түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулай баштаган. Бул боюнча коомдук талкуулар 2013-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлгөн[14].

Өнөр жайынын бегизги багыттары — ром өндүрүү, жеңил өнөр жай жана курулуш.

Айыл чарбасынын негизги багыттары — ром өндүрүү үчүн кант камыш өстүрүү, жашылча-жемиштерди өстүрүү, мал жана канаттууларды багуу, балык уулоо.

1959-жылдан бери Британ Виргин аралдары расмий акча бирдиги катары АКШ долларын колдонушат. Доллар жана цент түрүндөгү Британиялык Виргин аралдарынын валюталары негизинен сувенир катары чыгарылып, туристтерге сатылат. АКШ жана Улуу Британиянын зээрканалары аралдар үчүн жогорку сапаттагы эстелик монеталарын чыгарып турушат.

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Род-Таун шаарындагы мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын имараты. Экинчи кабатында Жогорку Сот орун алган.

Британиялык Виргин аралдары — Улуу Британияга караштуу деңиздин ары жагындагы көз каранды аймагы болуп эсептелет. 1967-жылдан тартып ички өз алдынча башкаруу укугуна ээ болгон[8].

Мамлекеттик башкаруу органы — Аткаруу кеңеши болуп саналат. Аны Улуу Британиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан дайындалган губернатор жетектейт. Кеңешке ошондой эле премьер-министр, үч министр жана башкы прокурор мүчө.

Мыйзам чыгаруу органы — бир палаталуу Ассамблея. Ал 4 жылдык мөөнөткө шайланган 13 депутаттан жана кызматтынын негизинде мүчө болгон башкы прокурордон турат[12].

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Британиялык Виргин аралдары административдик-аймактык жактан расмий эмес беш округдарга бөлүнөт[15].

Округ Административдик борбору Аянты,

км²

Калкы,

адам (2006)

Калкынын жыштыгы,

адам/км²

1 Тортола Род-Таун 59,2 16 630 280,91
2 Анегада Те-Сетлмент 38,6 204 5,28
3 Вержин-Горда Спаниш-Таун 21,2 3063 144,48
4 Йост-Ван-Дейк Грейт-Харбор (Йост-Ван-Дейк аралы) 8,3 176 21,20
5 Башка аралдар* Грейт-Харбор (Питер аралы) 25,7 181 7,04
Жалпы 153,0 20 254 132,38
* «Башка аралдарга» Тортола аралынын түштүгүндө жайгашкан жана Кичи эже-сиңдилер аралдары деп аталган кичинекей аралдар (Жинжер, Норман, Купер, Солт ж.б.) кирет
Британиялык Виргин аралдарынын улуттук курамы (2010)
Улуттук топтор пайыз
Африкалыктар
  
76,3%
Испандар
  
5,5%
Европалыктар
  
5,4%
Аралаш
  
5,3%
Индустар
  
2,1%
Башка
  
4,6%
Белгисиз
  
0,8%

Калкынын саны - 30 030 адам.

Калктын жылдык өсүшү - 2,14 % (өсүштүн дээрлик жарымын иммиграция берет).

Этникалык жана расалык курамы: африкалыктар 76,3%, латын америкалыктар 5,5 %, европалыктар 5,4%, башка улуттар 12,8% (индиялыктарды, мулаттарды кошкондо).

Диний курамы — протестанттар - 70,2%, католиктер - 8,9 %, жахабанын күбөлөрү - 2,5 %, башка диний агымдардарды туткандар - 10,5%, атеисттер - 7,9%.

Сабаттуулуктун деңгээли — 98 %.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]