Британиялык Колумбия университети

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
UBC Coat of Arms.png

Британиялык Колумбия университети (англ. University of British Columbia; UBC) - мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат. Ал Канададагы Британиялык Колумбия провинциясында кампустары жана объекттери менен кошо жайгашкан. 1908-жылы Британиялык Колумбияда МакГилл университеттик колледж катары ачылган. Ал 1915-жылы көз карандысыз болуп, азыркы аталышын кабыл алган. Ал Британиялык Колумбиянын эн байыркы жогорку окуу жайы болуп саналат. Ванкувер жана Оканаган кампустарында 60 000ден ашуун студенттери бар. Көпчүлүк студенттери искусство, илим, прикладдык илимдер, UBC Медициналык факультет жана Саудер бизнес мектеби сыяктуу ири факультеттерине тапшырышат. Ванкувер кампусу университтик жердин болжол менен 4,02 км2 (993 акр) жерди ээлейт, ал эми Ванкувер борборунан батышты карай 10 км (6 миля) жерди түзөт. 2005-жылы сатылып алынган Оканаган кампусу Келоунда жайгашкан жана 2,09 км2 (516 акр) түзөт.

Ванкувер кампусунда 2016-жылы окуучуларды GPA орточо 90.04% менен кабыл алат, жана ал университетке кабыл алуу стандарттары Канада боюнча экинчи (МакГиллден кийин) болуп абдан оор. Жыл сайын өткөрүлчү Maclean, U.S. News and World Report рейтингдери боюнча өлкөдөгү үч изилдөө жогорку окуу жайларынын бири деп белгиленген. 2015-жылы U.S. News and World Report жана Times Higher Education рейтингдери боюнча университет 20 дүйнө жүзүндөгү мыкты мамлекеттик окуу жайлардын бири катары эсептелинген. Бир жылдык илимий изилдөөлөрү $ 600 млн түзгөн жана 2014-жыл боюнча ал 8.442 долбоорго акча каражатын бөлүп берген. Окутуучулар, бүтүрүүчүлөр жана изилдөөчүлөр 7 Нобель сыйлыгын алышкан, 69 Rhodes стипендинттар, 65 олимпиадалык медалисттери, көркөм өнөр жана Америка илимдер академиясынын 8 мүчөсү жана 208 Канаданын Королдук коомуну стипендиаттары. Университет дагы үч канадалык премьер-министрлерин, акыркысы учурдагы, Джастин Трюдо, өкмөт башчысы болду.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кампустары[оңдоо | булагын оңдоо]

Жетекчилиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]