Мазмунга өтүү

Брокен-Хилл кени

Википедия дан

Брокен-Хилл кеникоргошун менен цинктин дүйнө жүзүндөгү эң ири кендеринин бири.

Австралиянын түштүк - чыгышындагы Брокен-Хилл шаарынын жанында. Барьер тоо кырка-сынын чыгыш капталында. Кен 1883- 84-жылдан казылат. Кен аймагында архей заманында пайда болгон жана бүктөлүүлөргө дуушар болгон гнейс менен кристаллдуу сланецтер жатат. Руда антиклиналдык жана синклиналдык түзүлүштөргө топтолуп, гнейстердин арасында "тарамдар" (руда кабатчалары) түрүндө кездешет. Алардын формалары татаал келип, жалпысынан жанаша жаткан тоо тек катмарларынын морфологиясын кайталайт. Кенде бири бирине жарыш Жаткан коргошундун 2, цинктин З руда кабатчалары белгилүү. Алар жалпы калыңдыгы 90 м, уз. 4800 м ге созулуп, 1000 м тереңддикке чейин жатат. Руда негизинен бардык жерде бирдей тараган галенит, сфалерит ж. б. минералдардын бүртүкчөлөрүнөн турат. Өндүрүштүк рудадагы коргошун 10-15%, цинк 8-12%, күмүш 200 г/т. Кендин пайда болушу так чечиле элек.

Мурда эндогендик кен катары гидротермалык жол менен пайда болгон деп эсептелсе, кийинки мезгилде кээ бир геологдордун ою боюнча, ал адегенде чөкмө түрүндө пайда болуп, кийин метаморфизмдин, граниттешүүнүн жана интенсивдүү дислокациянын натыйжасында руда кабаттары ири өзгөрүүлөргө дуушар болуп, алардын кайрадан кристаллданышы жана топтолушу жүргөн. Кен-ден алынган коргошун менен цинк бүткүл Австралиядагы казылып алынуучу коргошун-цинк рудасынын 70% ин, ал эми күмүш боюнча 50% тен ашыгын түгөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.