Брокeн-Xилл

Википедия дан

Брокeн-Xилл (Broken-Hill) – цинк-коргошундун дүйнөдөгү ири кенташ (руда) талаасы. Жаңы Түштүк Уэльс штатында (Австралия союзу). Кен 1883-жылдан белгилүү. Гидротерм-чөкмө жолу менен пайда болуп, метаморфизмделген. Кенташтын чалгындалган запасы 17 млн тоннадан ашык. Кондициялык өлчөмү: коргошундуку 8–13%, цинктики 10–13% , күмүштүкү 100–150 грамм/тонна. Жер астынан казылып алынат. Жылына 150 миң тоннадай Рb, 180 миң тонна Zn, 150 тонна Аg алынат. Негизи компоненттеринен башка жыл сайын 200 тонна Сd, кошумча А, Сu, Sb жана Co алынат. Өндүрүш борбору – Кабве шаары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]