Бронхоаденит

Википедия дан

Бронхоаденит (бронха жана гр. aden - без) - бронха бездеринин сезгениши.

Бронхоаденитти көп учурда туберкулездун микробдору, өпкө менен бронханын сезгениши жана кээ бир жугуштуу оорулар (көк жөтөл, кызамык) пайда кылат. Туберкулёздон болгон Бронхоадениттин клиникасы оору адамдын жашына, сезгенген бездердин таралыпшна жана организмдин сезгичтигине байланыштуу. Без кичине сезгенсе, оору байкалбай өтүшү мүмкүн, ал эми күчөгөн Бронхоаденитте оорулуунун эти ысып, алы кетип, кургак жөтөл пайда болот. Өзгөчө балдар катуу жөтөлөт, кээде көк жөтөлгө окшоп кетет. Айрым учурда негизги оору менен катар моюндун, колтуктун бездери чоңоюшу мүмкүн, Бронхоаденит рентген ж. б. анализдер аркылуу аныкталат. Дарылоо антибиотиктердин, химиотерапиянын жардамы менен, кээде операция жолу менен да жүргүзүлөт. Ооруну алдын алууда туура тамактануу, таза абада болуу, жугуштуу оорулардан сактануу керек. Кургак учукка каршы эмдөө жүргүзүү зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.