Бруней
Бруней-Даруссалам Мамлекети | |||||
| |||||
Урааны: «Brunei Darussalam» «Бруней - тынчтыктын мекени» | |||||
Гимн: «Allah Peliharakan Sultan Султанга Аллах ыраазы болсун» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 1-январь 1984-ж.
( Улуу Британиядан) | ||||
Расмий тили | малайча | ||||
Борбор шаары | Бандар-Сери-Бегаван | ||||
Ири шаарлар | Бандар-Сери-Бегаван | ||||
Башкаруу формасы | Абсолюттук теократиялык монархия | ||||
Султаны | Хассанал Болкиах | ||||
Мам. дини | ислам | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
173 - дүйнөдө 5765 км² 8,7 | ||||
Калкы • Бааланган (2019) • Жыштыгы |
464 478 адам (174) 80,57 ад./км² | ||||
ISO коду | BN | ||||
ЭОК коду | BRU |
Бруней, Бруней Даруссалам мамлекети – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Калимантан (Борнео) аралынын түндүгүндө жайгашкан. Түндүгүн Түндүк-Кытай деңизи чулгайт. Калган жактары өлкөнү экиге бөлүп турган Саравак штаты (Малайзия) менен чектешет. Аянты 5,8 миң км2. Калкы 401 миң (2011). Борбору Бандар-Сери-Бегаван шаары Мамлекеттик тили малайя тили. Акча бирдиги бруней доллары. Администрациялык-аймактык жактан 4 дистрикке бөлүнөт. Бруней унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамында.
Конституциясы 29-сентябрда 1959-ж. күчүнө кирген. Башкаруу формасы абсолюттук монархия (султандык). Мамлекет башчысы – султан. Мыйзам чыгаруу бийлиги султандын декреттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Саясий партиялары: Бруней элинин көз каранды эместик фронту жана Бруней улуттук биримдик партиясы.
Табияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аймагынын басымдуу бөлүгү саздуу ойдуң, чыгыш жагы тоолуу (Б. эң бийик жери 1850 м, Букит-Пагон тоосу), батышы Бийиктиги. 300 м болгон адырлуу түздүк. Түштүк-Кытай деңизинин жээги нефть менен жаратылыш газына бай. Климаты экватордук, ысык жана жыл бою нымдуу. Жылдык орточо температурасы 27°С. Жаан-чачыны жээк тилкесинде 2500 ммден ички аймактарында 5000 ммге чейин. Тайфун көп болуп турат. Негизги дарыялары Белайт, Тутонг, Пандаруан жана Тембуронг, кеме жүрөт, Түштүк Кытай деңизине куят. Аймагынын 75%ин дайыма нымдуу экватордук токой ээлейт. Жалпы аянты 115,1 миң га болгон 10 коргоого алынган табигый аймагы бар, анын ичинде Улу Тембуранг улуттук паркы уюштурулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкынын 87%и брунейликтер. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 73 киши (2005). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 72,4, аялдарыныкы 77,4 жашаары Шаар калкы 75%. Ири шаары Бандар-Сери-Бегаван. Ислам (66%), буддизм (14%) жана христиан динин тутат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Брунейдин байыркы тарыхы аз изилденген. 15-кылымда өлкөнүн биринчи султаны катары белгилүү болгон Брунейдин башкаруучусу Аванг Алак Бетатар өзүн Мухаммед I деп атап, бийлик жүргүзгөн. 16-кылымдын биринчи жарымында султандыктын өзгөчө гүлдөгөн учурунда, Брунейдин бийлиги Калимантандын Түндүк жээктерине жана коңшу аралдарга чейин жеткен. 1580-ж. Брунейди испан колониячылары каратып алат. Аларды кууп чыкканына карабастан, өлкөнүн абалы бир топ начарлап, анын бийлиги астында Түндүк Калимантан гана калган. 19-кылымдын баш ченинде Б. деңиз каракчыларынын борборуна жана кул сатуучу базарлардын бирине айланган. 1841-ж. англиялык авантюрист Ж. Брук Саравакты каратып алып, бара-бара Брунейдин жерлерин англичандар ээлей башташкан. 1847-ж. Улуу Британия Лабуан аралын басып алып, өз кызыкчылыктарын жактаган келишимди Брунейге таңуулаган. 1877-ж. Түндүк Калимантандын бир бөлүгүн (Сабах) Брунейдин султаны англиялык ишкер Дентке ижарага кармата берген. 1888-жана башка британ протектораты болуп калган. Ал жерден нефть табылгандыгына байланыштуу 1906-ж. англиялык резидент дайындалган. 1941–45-ж. Брунейди Япония басып алган. 1948–59-ж. аны Саравактагы англиялык губернатор башкарган. 1956-ж. көз карандысыздык үчүн күрөшкөн Элдик партия түзүлүп, 1962-ж. көз каранды эмес Түндүк Калимантан мамлекетин түзүү максатында көтөрүлүш чыгарган. Бирок көтөрүлүш 1963-ж. англиялык аскерлер тарабынан басылып калган. 1983-жылга чейин Улуу Британиянын протектораты болгон. 1984-ж. Улуу Британия менен Брунейдин ортосунда султандыктын көз каранды эместиги тууралуу келишимге кол коюлган. 1992-ж. «малай ислам монархиясынын» («мелаю ислам берадна») концепциясы иштелип чыккан, ал боюнча өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи катары ислам мыйзамдары, башкаруунун монархиялык системасы жана малай маданиятынын баалуулуктары саналат.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экономикасынын негизин нефть жана жаратылыш газын өндүрүү жана экспорттоо түзөт. ИДПдеги өнөр жай менен курулуштун үлүшү 44%, айыл, токой жана балык чарбасы 3%. Өнөр жайы тез темп менен өсүүдө. Түштүк Кытай деңизинин жээгиндеги Серна аймагынан нефть казылып алынат. 2002-ж. 3,0 млрд кВт ∙ электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл чарбасына жарактуу 7 миң га жерине шалы, саго пальмасы, каучук жана кокос өстүрүлөт. Буйвол, чочко, эчки багылат. Нефть ажыратуу, жыгаччылык, кеме ремонттоочу өнөр жайы бар. Дарыяларында кеме жүрөт, ал негизги транспорт болуп эсептелет. Автомобиль жолунун узундугу 2,5 миң км, газ куурунун узундугу 665 км, нефтиники 439 км, ички суу жолунуку 209 км. Сыртка каучук, токой, нефть, суюлтулган газ чыгарылат. Сырттан оор машина, химиялык өнөр жай, айыл чарба , транспорт жабдууларын жана азык-түлүк алат. Негизги сырткы соода шериктери: Корея Республикасы, Япония, Сингапур, АКШ, Малайзия, Таиланд. 16-кылымда ислам маданиятын байыткан көркөм чыгармалар пайда боло баштаган. 17–20-кылымда европалык стилдеги эстеликтер маанилүү орунду ээлеген. Ал эми 20-кылымда Эл аралык стилдеги имараттар курула баштаган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алтын, күмүш, металл жана башка асыл таштардан түрдүү зер буюмдары жасалат. Сүрөт өнөрүндө байыркы үрп-адаттары чагылдырылган. 1972-ж. музыканы (академиялык) кеңири жайылтуу үчүн атайын музыкалык коом түзүлгөн. Мамлекеттик жана менчик жогорку окуу жайлары, ошондой эле компьютердик, музыкалык, спорттук окуу борборлору, музейлери (1965), кол өнөрчүлүк борбору (1975), галереялар (1984), китепканалар бар. Массалык маалымат каражаттары мамлекеттик тарабынан көзөмөлгө алынган. «Борнео буллетин» жана «Медиа пермата» жана башка көлөмдүү гезиттери чыгып турат. «Рейдио Телевижен Бруней» мамлекеттик телерадиокорпорациясы башкарган бир телекөрсөтүү каналы жана үч радиостанциясы, «Жабатан телеком» радиоуктуруусу боюнча өкмөттүк агентчилиги, ошондой эле «Кристал ФМ» менчик радиостанциясы, «Кристал Астро» кабелдик телеканалы иштейт.
Акимий бөлүнүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бруней Даера деп аталган төрт аймакка бөлүнөт:
Аймагы | Акимий борбору | Аянты | Калкы (2010) адам | Жыштыгы | |
---|---|---|---|---|---|
1 | Белайт | Куала Белайт | 2 725 | 68 300 | 25,06 |
2 | Бруней-Муара | Бандар-Сери-Бегаван | 570 | 290 100 | 508,95 |
3 | Тембуронг | Бангар | 1 166 | 10 200 | 8,75 |
4 | Тутонг | Пекан Тутонг | 1 303 | 45 800 | 35,15 |
Бардыгы | 5 764 |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Азия өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Азербайжан1 • Арменистан • Бангладеш • Бахрейн • Бириккен Араб Эмирликтери • Бруней • Бутан • Ветнам • Гуржистан1 • Жапон • Ысрайыл • Индустан • Индонезия3 • Иордан • Ирак • Иран • Йемен2 • Казакстан1 • Камбожа • Катар • Кипр1 • Кыргыз Республикасы • Кытай • Түндүк Корея • Түштүк Корея • Кувейт • Лаос • Ливан • Малайзия • Малдив • Мисир2 • Моңголстан • Мянма • Непал • Оман • Ооганстан • Орусия4 • Өзбекстан • Пакистан • Сауд Арабистан • Сингапур • Сурия • Тажикстан • Тайланд • Түркмөнстан • Түркия4 • Филиппин • Чыгыш Тимор • Шри-Ланка | |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Абхазия • Түштүк Күрдстан • Палестин • Тайван • Түндүк Кипр • Түштүк Осетия | |
Көз каранды аймактар | Акротири жана Декелия • Гонконг • Макао | |
1Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, жарым-жартылай Европада же толугу менен Азияда. 2Ошондой эле Африкада. 3Ошондой эле Океанияда. 4ошондой эле Европада. |