Брунеллески Филиппо
Көрүнүш
Брунеллески Филиппо - (1377, Флоренция – 15.4.1446, ошол эле жер) – италиялык архитектор, скульптор, илимпоз. Флоренцияда иштеген. Кайра жаралуу архитектурасын жана илимий перспектива теориясын түзүүчүлөрдөн. Антикалык салттарды жаңыча пайдаланган. Брунеллескинин чыгармалары гармониялуулугу, инженердик-курулуш жактан чечилишинин жеткилеңдиги менен айырмаланат (Санта-Мария-дель-Фьоре соборунун кумпасы, 1420–36; Оспедале дельи Инноченти, 1421–44; Пацци капелласы, 1429 –69) баары Флоренцияда).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4