Брутто-ставка
Брутто-ставка – камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдүн (төлөмдөрдүн) тарифтик ченеми. Нетто-ставка менен кошумча төлөмдүн, м., камсыздандыруу аткарымдарын жүргүзүүгө, фонду корун түзүүгө, алдыналуу чараларына жумшалган чыгымдарды жабуу үчүн жумшалуучу кошумча төлөмдүн суммасы болуп саналат. Нетто-бычымды аныктоо принциби туруктуу келип, кошумча төлөм түзүмү, демек, Б-с. туруктуу болбойт (м.: жарнама үчүн жумшалган ири чыгымдарга байланыштуу).
== Колдонулган адабияттар ==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7