Барчынбек Бугубаев

Википедия дан
Бугубаев, Барчынбек Асанбекович‎»‎ барагынан багытталды)

Бугубаев, Барчынбек Асанбекович – акын. 1963-жылы 15-майда Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган.

1981–1988-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

Эмгек жолун университетти бүткөндөн кийин лингвистика кафедрасында иштөөдөн баштаган. 1990-жылдан «Путь к знаниям» («Билимге жол») гезитинин редактору, 1991–1995-жж. Мамлекеттик Телерадиокомпаниясынын көркөм адабият бөлүмүнүн редактору, 2000-жылдан Чүй университетинде эмгектенген.

Чыгармачылык жолу 1980-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган «Китеп» аттуу ырынан башталат.

1988-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ак бороон: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1990. – 52 б.
  • Адамзатка кайрылуу: Поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2003. – 200 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]