Бугулуу-тор кени

Википедия дан

БУГУЛУУ-ТӨР КЕНИ

Нарын областынын Тянь-Шань районундагы полиметалл рудасы жаткан жер. Нарын шаарынан түндүк- чыгыш тарапта, Нура тоосунун түндүк капталында. Кен аймагын девондун аягы — карбондун башталышында пайда болгон аки таш тектери түзөт. Руда чөкмө жолу менен пайда болуп, катмар түрүндө аки таш тектеринин арасында жатат. Узундугу 270 жге созулуп, жантаюу бурчу боюнча 100 м терендикке чейин жатканы аныкталган. Негизги минералдары: галенит, жемсо-нит, сфалерит, арсенопирит ж. б. Тем-гилдөө руда басымдуу, чанда уюган түрдө учурайт. Минералдык составы боюнча үч типке бөлүнөт: полиметаллдуу, жем-сонит-пирротиндүү, мангонит-сидериттүү. Мында полиметалл рудасы негизги орунду ээлейт.