Бугу (эркеги), Марал (ургаачысы)

Википедия дан
Марал.

Бугу (эркеги), Марал (ургаачысы) (лат. Cervus elaphus Linnaeus, 1758 ssp. asiaticus, Lydekker, 1898):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

C.e. asiaticus ареалы Тянңшанды, Джунгар Алатоосун, Тарбагатай тоо кыркаларын, Саур, Алтай, Саянды (Казахстан, Кыргызстан, Россия), ошондой эле Түндүк Синңцзянды жана Чоң Хинганга чейин Түндүк Монголияны камтыйт. Кыргызстанда XIX кылымда дээрлик бардык карагай токойлорунда тараган, бирок 1980-жылдарга чейин Чаткал, Талас, Кыргыз, Молдотоо, Кавактоо, Жумгалтоо, Сарыжаз, Фергана жана Атбашы тоо кыркаларында жоголгон. Азыркы учурда Нарынтоо тоо кыркаларында жана Тескей жана Күңгөй Алатоосунун чыгыш бөлүгүндө кездешет. Улан жана Жаңыжер (Джалджир) капчыгайында, Атбашы дарыясынын жогорку бөлүгүндө, Сарыжаз дарыясынын бассейнинде Куюкап жана Жетим тоо кыркаларынын түштүк жантаймасында кездешүүсү боюнча азыркы учурга ылайык маалыматтар жок.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2000-2900 м бийиктиктеги карагай токойлору жана бадалдуу аймактар. Жайында токойсуз ачык жерлерге , 3900 м бийиктикке чейинки субалңпы шалбааларына кетиши мүмкүн.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1983-жылы Нарын коругун түзүүдө популяциясынын саны 130 , 1985-жылы - 150 , 2003- жылы 280 особдун тегерегинде болгон, бул популяциянын 1/4 - 1/2 бөлүгү түздөн түз коруктун территориясында жашачу. Ысыккөлдүн Чыгыш бөлүгүндө отурукташкан жана Казахстандын территориясынан кирген бирден особдор болушу мүмкүн.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бадалдуу жана карагай токойлорунда жашайт, негизинен чөп өсүмдүктөрү менен азыктанат. Кээде алыс аралыктарга чейин көчөт. Ысыккөлдүн чыгышында Казахстандан (Чилик дарыясынын бассейни) Тескей Алатоого (Аксуу капчыгайына чейин) жана кайра Казахстанга өтүүлөрү байкалган. Ургаачылары менен жаштар топ тобу менен кездешкен, эркектер кууттан тышкаркы убакта жалгыздан жүрүшөт ; куут учурунда (сентябрң - октябрң) эркектери айланасына 3-10 ургаачыны топтойт. Майдын аягында - июндун башында ургаачылар бирди, кээде эки же үчтү тууйт. Ургаачылар жыныстык жактан үчүнчү жылы жетилет. Эркектери жыл сайын май айында мүйүздөрүн таштайт.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн жашоо аймагын чарбалык максатта иштетүү (бак кыйуу, мал оттотуу) жана тынчсыздандыруучу фактор. Кышында тоют жерлеринин аянтынын аздыгы. Браконңерчилик, жырткычтарга жем болуу (аюу, карышкыр, сүлөөсүн). Кээ бир жылдардагы катуу кыш, мителер жана оорулар.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүргүзүлбөйт. Зоопарктарда көбөйтүү учурлары белгилүү.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1948-жылы аң уулоого толук тыйуу салынган. 1958-жылы түрдүн жашоо аймактарында Теплоключенко жана Нарын коруктары түзүлгөн, акыркысы 1983-жылы аянты 37 миң га болгон мамлекеттик корукка айландырылган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын коругун кеңейтүү жана Ысыккөлдө көчүү үчүн экологиялык коридорлорду түзүү. Реакклиматизация, ошондой эле волңердик шартта көбөйтүү жана жаратылышка чыгаруу. Браконңерчилик үчүн жоопко тартууну күчөтүү жана карышкырдын санын контролдоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү. Ача туяктуулар сымалдар (Artiodactyla) – ПАРНОКОПЫТНЫЕ

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

IV категория, Endangered, EN C 2a(i): R. Бүткүл ареалы боюнча саны кескин кыскарган голарктикалык түрдүн борбордук азиялык түрчөсү; Кыргыз Республикасында аз санда. C.e. sibiricus Severtzov, 1973 жана C.e. songaricus Severtzov, 1873 аттары инфратүрчөлүк катары саналып жарабайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]