Бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышы – 19-кылымдын 50-жылдарында Түндүк Кыргызстанда өткөн саясий окуя. Анын негизин бул эки кыргыз урууларынын өз ара жер жана бийлик үчүн күрөшү түзгөн. Жаңжалдын чагылышына 1854-жылдары бугу уруусунун Сары багыш уруусуна болгон ичи тарлыгы кучоп Балбай баатыр баштаган бугу уруусунун жигиттери Сары багыш уруусунун жылкы мал мулкун уурдап ошол убакта Ормон хан жазган кыргыз элинде биринчи жолу жазылган конституцияга баш ийбей закондорду буза баштаганы болгон.

Бугу уруусунун төбөлү Боронбайдын аскери Чыйбыл сары багыштын жылкысын чаап, бугулар тогуз бээден турган уйурду уурдап алышкан. Сарыбагыштын жигиттери бакма баласы саяктан тарагандар ууруларга жардам бергени учун азыркы жумгалга кочурулгон.суугуна адам баласы чыдап жашоого мумкун эмес болчу Жашоо шарт катаал болгон Ормон хандын жазасынан чоочулаган саяктар менен бугулар Ормон ханды конокко чакырышып коноктоп узатып жатып Ормон хан атка минээрде жолок болумуш болуп ууланган канжар менен Балбай баатыр Ормон ханды табарсыка сайып атка мингизип коет. Ормон хан атка минген бойдон ун чыгарбастан артын кылчайып карабастан кочкор жергесине ат менен жетип ошол эле 1854-жылы июль айынын башында жарадар жери айыга электе атка минип аркан менен озун аттын устуно катуу байлатып аскерлери менен жортуулга аттарга, Балбай ууланган канжар менен сайган жери кучоп ошол жерден каза тапкан.

Баатыр ханды алдоо жолу менен ууланган канжар менен сайганы үчүн тарыхта бугу катын атка конгон сарыбагыш жоортулдары бугуларга кучоп . Чыккынчылык кылган саяктар менен бугулар кармалып олтурулгон. Катын атка конгон бугуларды тукумун курут кылаарда Сары багыш уруусунан чыккан олуя Калыгул Бай уулу Сары багыштарды токтотуп калган Сары багыш уруусунун жигиттери Ормон хандын ысык колду жети айланып чапкыла деген созун аткарганга жетишпей калган. Бугу уруусунун башчысы Боронбай бий ичи тарлык чыккынчылык кылып алып кыргыздардын башка урууларынан жардам сурай албай кытайларга кайрылган, кытайлардан эч жардам келбегенин тушунуп орустардын бийликтерине кайрылып орустардын куч армиясын кыргыз жерине алып келип Сары багыштарды жок кылганга аракеттенген.

1855-жылы 17-январда бугу уруусунун өкүлдөрү Россиянын букаралыгын кабыл алгандыгы жөнүндө ант берген, алардын башчысы болуп Боромбай дайындалган. Ушундан соң бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышын басуу үчүн ордо бийликтери өз элчилери, өкүлдөрүн, чакан кошуундарын жибере баштаган. Ортого Жантай да салынган.

Түндүк кыргыздардын Россияга бириктирилгенине байланыштуу 1863-жылы бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышы негизинен тынчыган. Тарыхда баш ийип корбогон сары багыштар Орус бийликтерине баш ийбей Үмөөтаалы өзүнүн сарыбагыш уруусу менен ошол эле жылы Чатыркөл тарапка көчуп кеткен. 1867-жылы орус аскерлери баш ийбеген сары багыштарды каалагандай аткылап тымызын кырып баштаган. Ошондон улам Чон согуш 1916-жылы ак падышадан Сары багыш уруусун тукум курут кылгыла деген буйрук катты Сары багыш уруусунун баатыры Шабдан баатыр окуп калып жолдон орус аскерлерин тосуп катты жок кылган катты алып келаткан орус аскерлер олтурулгон. Кочуп качканга жетишбей калган Сары багыштар колду айланып качканда орус аскерлери бугуларды кошо атып кырып баштаган. Аман калганы жениш чокусун ашып отушуп кытайга кире качышкан! Кийиин кайра кайтышкан...

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

...