Бузук телефон

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 10—15 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө, сахнада, талаада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланган соң, калгандары бир бирине жакын тегерек болушуп отурушат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи катарда биринчи болуп отурган оюнчунун кулагына шыбырап бир сөз айтат, андан кийин ал сөздү калган оюнчулар кезеги менен бир бирине бат шыбырашып айтышат. Акыркы оюнчу, ордунан туруп уккан сөздү бардык оюнчулар уга тургандай болуп кайталайт. Эгерде баарынын сөзү бирдей чыкса, оюн кайрадан башталат. Эгерде бирдей чыкпаса, жаңылган оюнчу ортого чыгып ырдап же бийлеп бергенден кийин жетекчинин ролун аткарат. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланат. Жаңылбаган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, чурулдоого, сөздү кайталоого, катуу, жай айтууга болбойт.

  • Методикалык көрсөтмө. Оюн убагында сөздөр кулакка шыбырап айтылат жана тынчтык сакталышы керек.
  • Педагогикалык мааниси. Эске тутуу, көңүл салууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]