Буйрукту же тескемени аткаруу
Көрүнүш
Буйрукту же тескемени аткаруу – КР кылмыш-жаза укугу боюнча жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлардын бири. Адамдардын буйрукту же тескемени, демек кызматтык милдеттерин укук чегинде аткаруу убагынде келтирилген зыяндар кылмыш болуп саналбайт. Ушундай залал келтиргендиги үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин мыйзамсыз буйрук же тескеме берген адам тартат. Ал эми атайылап мыйзамсыз буйрук же тескеме боюнча кылмыш жасаган адамдар жалпы негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Көзкөрүнөө мыйзамсыз буйрукту же тескемени аткарбоо кылмыш жоопкерчилигин жокко чыгарат.
== Колдонулган адабияттар ==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7