Мазмунга өтүү

Букар ырчы

Википедия — ачык энциклопедия

Букар ырчы (1693, Казакстан, мурунку Баян айылы, Далба тоосунун этегинде – 1787, ошол эле жер) – казак элинин белгилүү ырчысы; Абылай хандын кеңешчиси, иниси. Ал карасөз менен эмес, көмөкөйүнөн ыр менен сүйлөчү экен. Ошондуктан казак эли аны «Көмөкөй ырчы» аташкан. Көп учурда Абылай хандын өтүнүчү менен түшүндө көргөндөрүн болжоп айткандары чындыкка дал келген. Атасы Калкаман баатыр болгон. Букар ырчыдан Акдербиш, Жарылгап, Жанта аттуу үч уул тараган. Жарылгап урпактарынан Күреке акын, илимпоз Б. Аяпбергенов деген белгилүү адамдар чыккан. Букар ырчы жунгар баскынчылыгынын тушунда өмүр сүрүп, ошол кыйчалыш доорду ырдаган, эл-журтун баскынчыларга каршы күрөштө биримдикке чакырган. Абылай ханга зор ишеним көрсөткөн. Абылай хан да эл-журтун баскынчылардан коргоп, элинин бейиилдиги үчүн кызмат кылган. Ырчы ошол мезгилди, хан менен анын баатырларынын эрдиктерин ырга кошуп, алардын өчпөс элестерин тарыхта калтырган. Анын «Абылай хандын кашында», «Ай, Абылай, Абылай», «Казактын ханы Абылай», «Ханга жооп», «Ай, Абылай, сен он бир жашыңда» жана башка ырларында хандын жүргүзгөн саясатын көрөгөчтүк менен чагылдырган. Чыгармаларында жакшылык менен жамандык, адилеттүүлүк менен адептүүлүк, жаштык менен карылык, достук менен кастык, адалдык менен арамдык жана башка философиялык-дидактикалык түшүнүктөрдү кеңири колдонгон. Букар ырчынын ырлары Абылай доорунун күзгүсү болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]